Бутинанын жалгыздап чыккан пикети. Эмне үчүн ал ТИМдин Кабыл алуу үйүнө келди

65
"Латвиядагы журналисттерге басым кылууну токтоткула" деген чакырык менен Мария Бутина ТИМдин Кабыл алуу үйүнүн алдына келип турду.

2018-жылы АКШда тыңчылыкка шектелип түрмөгө камалган Коомдук палатанын мүчөсү азыр Sputnik агенттигинде кесиптештерин колдоо үчүн чыкты.

Бутина плакаты менен ЕККУнун төрайымынын көңүлүн бурууга аракет кылган. Анн Линде Россия ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров менен сүйлөшүү үчүн Москвага келген. Бутина Линдеден эмне сурады? Россия ТИМи кайсы базалык принципти кеп кылды? Бул тууралуу биз даярдаган видеодон көрө аласыз.

65
Белгилер:
журналист, ЕККУ, Мария Бутина, Латвия, Москва
Тема боюнча
Бутина ТИМдин алдында Латвия журналисттерине тилектештик билдирип пикетке чыкты
Эреже бузулду! Вышинский менен Бутина Латвия элчилигинин алдына митингге чыкты

Жогорку Кеңеш жаңы Конституциянын долбоорун талкуулап жатат. Түз эфир

21
(жаңыланган 11:18 03.03.2021)
Парламенттин жалпы жыйынында депутаттар жаңы Баш мыйзамдын долбоорун биринчи окууда талкуулап жатат.

Өткөн жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Парламентарийлердин демилгеси коомчулуктун катуу сынына кабылды. Айрымдары автору экенин четке каккан.

Мындан улам ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен Баш мыйзамдын долбоорун талкуулоо үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Алар 27-январда өз ишин жыйынтыктаган.

Ал эми 17-февралда жаңы долбоорду демилгечи делген 80 депутат жана Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү талкуулаган. Ал эми кечээ, 2-мартта, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет долбоорду карап, жактырып берди.

21
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, долбоор, кароо, конституция
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
Абдылдаев: Конституцияны эринбей Испания, Португалиядан алып жазышыптыр

Илбирске моюн бербей кармаша кеткен топоздор. Айыгышкан күрөштүн видеосу

504
Видеодон илбирстин топоздордун үйүрүнө кол салганын көрүүгө болот. Бирок чоңураактары жырткычтын жемине айланып кала жаздаган кичирээгине "жардам берип", ажалдын оозунан сууруп алышкан.

Жырткыч менен топоздордун "кармашынын" видеосу "National Geographic Россия" сайтына жарыяланган.

Маалым болгондой, жаныбарлардын укмуштуудай тирешин Смитсоновск институтунун командасы тасмага түшүргөн.

Анда көрүнүп тургандай, ак илбирс тоо топоздорунун үйүрүнө акырын барып, кичирээгине чап жармашкан. Алар тоодон кармаша ылдый кулаган. Алардын артынан ири топозу түшүп, мүйүзү менен кичирээгин куткарууга аракет кылып аны сүзгүлөгөн. Андан соң артынан "жардамга" дагы бири келген. Ошентип, баарылап жатып "тууганын" ажалдын оозунан сууруп алышкан. Ал эми илбирс эч нерсе чыкпай турганын сезгенсип ары басып кеткен.

504
Белгилер:
кармаш, кол салуу, топоз, ак илбирс, видео
Тема боюнча
Крокодилден араң кутулган антилопа кабыланга капыстан жем болду. Кейиштүү видео
Ымыркай. Архив

Швецияда жарыкка келген ымыркайдан коронавирустун жаңы штаммы табылды

0
(жаңыланган 11:30 03.03.2021)
Баштапкы изилдөөлөр эне менен баланын вирустары бирдей экендигин көрсөткөн, бирок кийинки анализдерде ымыркайда оорунун жаңы түрү аныкталган.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Швецияда жаңы төрөлгөн ымыркайдан коронавирустун жаңы штаммы табылганын "Известия" жазды.

Мальме ооруканасына ичи катуу ооруган кош бойлуу аял түшкөн. Медиктер кычкылтек жетишсиздигинен курсактагы баланын жүрөгү начар согуп жатканын аныкташкан. Аялга операция жасашып, коронавируска анализ алынгандан кийин баласы экөөнөн тең оору аныкталган. Геномдун анализи ымыркай инфекцияны төрөлгөнгө чейин эле жуктурганын көрсөткөн.

Баштапкы изилдөөлөр эне менен баланын вирустары бирдей экендигин аныктап чыккан, бирок кийинки анализдерде ымыркайда вирустун жаңы түрү белгилүү болгон.

Дарыгерлер бала төрөлөрү менен коронавирус аныкталган учур биринчи жолу катталып жатканын айтышты. Ал вирусту төрөлүп жатканда жуктуруп алышы мүмкүндүгү болжолдонгон.

COVID-19 жуктурган аял ооруну жеңил эле көтөргөндүктөн төрт күндөн кийин чыгарылган. Бала эрте төрөлгөнү үчүн медиктер көбүрөөк жардам берген, бирок антитело бат иштелип чыгып айыгып кеткен.

0
Белгилер:
кош бойлуу, ымыркай, коронавирус, Швеция
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Италияда коронавирустун "нигериялык" штаммы табылды
ДССУ: коронавирустун ыңгайлашып, көнүшүп кетүүсүнө жол бербейли!