Бишкектеги Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү кеңейтилет. Видео жана карта

Жазылуу
Мэрияга айдоочулар Ахунбаев көчөсүнүн чыгыш тарабы авариялык кырдаалды шарттап жатканын айтып кайрылышкан.
Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгы Ахунбаев көчөсүнүн Байтик баатырдан Жукеев-Пудовкинге чейинки бөлүгүн кеңейтүүнү сунуштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Муниципалитеттин билдиришинче, айдоочулар Ахунбаев көчөсүнүн чыгыш тарабы авариялык кырдаалды шарттап жатканын айтып көп кайрылышат.
"Байтик баатыр көчөсүнөн өткөндөн кийин жол дароо аялдама менен тротуарга кептелип, айдоочулар сол тарапка өткөнгө аракет жасашы керек болот", — деп билдирди мэрия.
Кечээ "Бишкек башкы архитектура", "Бишкек жашыл чарба", Капиталдык курулуш башкармалыгынын жана шаардык чарба департаментинин адистеринен турган топ Кайгуул милициянын сунушу менен аталган аймакка барган.
Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2021
Садыр Жапаров мэр Балбак Түлөбаевге эки тапшырма берди
"Биз кырдаалды өз көзүбүз менен көрдүк. "Бишкек башкы архитектуранын" жол жана транспортту өнүктүрүү бөлүмүнүн адистери бул бөлүктү кеңейтүүнүн алдын ала схемасын даярдашты", — деп айтылат билдирүүдө.
"Бишкек башкы архитектура" көчөнү кеңейтүүнүн алдын ала схемасын макулдашып, бул маселе боюнча сунуштарды киргизүү үчүн тиешелүү органдарга кат жөнөттү.
Жаңылыктар түрмөгү
0