"National Geographic Россия" сайтынын маалыматына караганда, окуя эртең менен болгон.
Алардын жазганы боюнча, жапайы жаныбарлар, кыязы, жер талашып, бири-бирине тап берип, айбат кылышкан. Анткен менен кадрларга байкоо сала келгенде агрессия байкалбай, тескерисинче, бул кичинекей жаныбарлардын бири-бири менен ойноп жаткандай элес калтырат. Видеодон алардын өтө ысык болуп жакындашып кетпегени менен адатта жапайы жаратылышта кездешкенде бири-бирине кол салуу ниети сезилбейт.
Анткен менен кичинекей маймылдар беркилерге тап берип, тийишип, тырманып алып, саамга отура калып, айланага көз жүгүртүп, кайра "ишине киришкенин" көрүүгө болот. Андан бир нече кадам аралыкта эне павиан таштын үстүндө жайбаракат отурганы да видеого түшүп калган.Таң эрте бул паркты кыдырып жүргөн адамга ал жердеги жогоруга окшогон, күндө эле кездеше бербеген окуялар жагымдуу маанай тартуулары турган иш.
Павиандар Түштүк Африкада кеңири жайылган маймылдардын түрү. Тулку боюнун узундугу 40-110 сантиметрге жетет. Эгерде коркунуч жаралса, тобундагы маймылдарды жырткычтарды ар кыл үн менен чаңырып, кыйкырып алыстатып, коргойт.
Буга чейин Түштүк Африкадагы Пилейнсберг улуттук паркына барган саякатчылар кабыландын баласын көтөрүп жүргөн павиандын видеосун жарыялаган.
Россиянын Коргоо министрлиги Москва облусундагы Иневка дарыясына тоңгон муздарды жардырганын RT маалымдады.
Аскердик инженерлер музду оюп, жардыргыч заттарды суунун алдына коюп жаткандыгын видеодон көрүүгө болот. Маалыматта аталган иштер кылдаттыкты жана так эсептөөлөрдү талап кылары жазылган.
Адистер туурасы бир чакырым болгон дарыянын нугун муздан арылтуу үчүн 200 кг жардыргыч заттарды пайдаланган.
Эл көптөн күткөн Лас-Вегастагы UFC 259 турнири жыйынтыкталды. Кеченин башкы беттешинде польшалык Ян Блахович жаңы зеландиялык Исраэль Адесаньяны утуп, наамын коргоп калды. Адесанья биринчи жолу утулду (20:1).
UFC чемпиону Петр Ян наамын коргогон кармашта атаандашына тыюу салынган соккуну колдонгону үчүн беттештен четтетилип, ордуна америкалык Алджамейн Стерлинг чемпион болду.
Спорттук кечедеги дагы башка кызыктуу учурларды видеодон көрүңүз.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды. Бул тууралуу КРдин Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.
Дагы бир жөө күлүк Калыс Таштанов 1500 метр аралыкта марага биринчи жетип алтын, 800 метр аралыкта үчүнчү келип коло медалды байге куржунуна салган.
Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар жалпы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты.