НТВ телеканалы бул окуянын видеосун жарыялады. Анда Римма дайынсыз кеткенден бери Бишкекте жашап келгени аныкталган. Алып баруучу Александр Лазарев редакция изделген адамды таап, бирок кандайдыр бир себептер менен туугандарына жолуктура албай калган учурлар болорун эскертти. Адатта ал окуяларга редакция кайра кайтат.
Ашикбаева "Жди меня" берүүсүнө 2019-жылдын июнь айында кайрылып, 1995-жылдан бери дайынсыз кеткен тун кызын издеп жатканын айткан. Ал эми дагы бир кызы Римма Магнитогорскиде бир кыргыз менен жашап, базарда иштеп, батир ижаралаганын айтып берген. Кийинчерээк батир ээси жубайлар кетип калганын маалымдаган. Үй ээси Кыргызстанга кайтуу үчүн акча чогултуп жүргөнү белгилүү болгон. Жер которуп кеткен Римманын ошондон кийин дайыны чыккан эмес.Лазарев эфир учурунда Ашикбаеванын кызы Бишкекте жашап жатканын айткан. Анын маалыматы боюнча, жубайлар Кыргызстанга келгенден кийин күйөөсү Римманы таштап, таптырбай кеткен.
"Эмнеге анткенин билбейм, балким, ата-энеси каршы чыккандыр... Жапжалгыз калдым же тил билбейм", — деп айтып берген Римма.
24 жылдан бери ал ар кайсы жакта жүрүп күн кечирген, документтери да күйөөсү менен кошо жоголгон.
"Ооба, үйгө кайткым келди, бирок акчам, эч нерсем жок болчу. Күчүмдү көз жашымдан чыгардым, келгениме аябай өкүндүм. Апа, сизди сагындым, мени кечириңиз", — деди келин ыйлап.
Акыры Римманын апасы менен сиңдиси Бишкекке учуп келип, жолугушту.
Бирок Римма Россияда расмий түрдө өлгөндөрдүн катарында болгондуктан, бир жарым жылдан кийин гана документтерин топтоп үйүнө кайта алган.
Жогорудагы окуя видеонун 36-мүнөтүнөн тарта көрсөтүлөт.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукту. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Матвиенко Жапаровдун алгачкы иш сапарынын Россияга жасалышы өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин тастыктаарын белгилеп, бул кыргыз-орус мамилелеринин бардык чөйрөсүнө жаңы дем берип, стимул болоруна бекем ишенерин билдирди.
"Эки өлкө элин жалпы тарых байланыштырып турат. Санкт-Петербургдун депутаты катары Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында миңдеген ленинграддык блокадачылар Кыргызстандын аймагына эвакуацияланганын, алардын арасында балдар да келип, Ысык-Көлдүн жээгинде "жаңы коломтого" баш калкалаганын эске салгым келет. Жаш муундар эки өлкөнүн жалпы тарыхын унутпашы керек", — деди Матвиенко.Өз кезегинде Жапаров Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы жетишилген жогорку деңгээлдеги парламенттер аралык байланыштарды канааттануу менен белгиледи.
Ошону менен бирге мамлекет башчы бүгүнкү сүйлөшүүлөр жана жетишилген келишимдер эки тараптуу кызматташуунун пайдубалын бекемдөөгө жана кыргыз-орус мамилелери менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним артты.
Володин бүгүнкү жолугушуу эки өлкөнүн мамилелеринин жаңы барактарын ачууга өбөлгө болоруна ишеним артты.
"Сиздин келишиңиз жана бүгүнкү жолугушуу өнүгүүнүн жаңы бийиктиктерине чыгууга, анын ичинде парламенттер аралык мамилелерди арттырат деген ниеттемин. Биз парламенттик кызматташуунун алкагындагы маселелерди талкуулап, сүйлөшөбүз", — деди Мамдума спикери.
Ошондой эле ал Садыр Жапаровду президент болуп шайланышы менен куттуктады.
"Биздин байкоочулар шайлоодо атаандаштык, ачыктык жана легитимдүүлүк жогорку деңгээлде болду деген пикирге келишти. Кыргызстандагы шайлоо АКШга караганда ачык өттү. Кошмо Штаттары ар дайым алардан үйрөнүү керектигин айтып келген, эми өздөрү сиздерден үйрөнүшү керек. АКШга караганда Кыргызстандагы шайлоого ишенсе болот", — деди Володин.
Ал эми Жапаров жаңы чакырыктар менен коркунучтарга, анын ичинде вирус коркунучуна, ошондой эле эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүүдө жана коопсуздукту камсыз кылууда эки өлкөнүн парламенттеринин күч-аракетин бириктирүү маанилүү экенин белгиледи.
Мамлекет өзү мектептен, ЖОЖдон, анан да ар кандай даярдоо курстарынан өткөрүп, акысыз билим берип кадр даярдайт. Бирок ал адис жетекчилик кызматка бышып жетилип калганда саясий орундарга сырттан келгендер отуруп, ошол мекемени башкарып калып жатат. Бул чоң ката. Мындай пикирин Самат Ашымов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, административдик кызматтарда жаш кадрларга стимул бере турган эч кандай аракеттер жок.
"Кыргызстанда кадр саясатын жүргүзүү жолго коюлган эмес. Өлкө өз каражатына даярдаган адистери бышып, жетилип калганда аларды жетекчилик кызматка койгондун ордуна саясий орундарга сырттан алып келишет. Алган маянасы аз, ошого карабай өз ишинин кесипкөй адиси болуп, карьера жасоону максат кылган жаштар үчүн мындай сокку анын кызматын таштап кетүүсүнө себеп болот. Мындан кайра эле мамлекет утулат. Анткени сырттан келген жетекчи тармакты түшүнүп ишке аралашканча бир жылдай убакыт өтүп кетет. Ал эми ал ишкана тууралуу баарын ичинен билген кыззматкер жеке тармакка жумушка орношуу менен ошол мамлекеттик органга атаандаштык жаратууда күчтүү кадрга айланат. Анткени ал өзү иштеп кеткен жердин бардык сырын билет. Андыктан саясий кызматтарга ошол тармакты мыкты билген, ашынган кесипкөй бирөө болсо гана сырттан келбесе, негизинен ичинде өсүп келе жаткан адистерден башчылыкка коюуну жолго салуу зарыл", — деди Ашымов.
Серепчи, ошондой эле, учурда өкмөт курамында жүрүп жаткан кадрдык өзгөрүүлөрдөн деле иреттелген кадамдар көрүнбөй жатканын кошумчалады.