Жакында италиялык эки окумуштуу кичинекей бул жаныбардын башка чоңураак чымын-чиркейлерге, көпөлөктөргө кандайча ууга чыгарын изилдеп көрүшкөн.
Окумуштуулар кезектеги экспериментинде кадимки эле тараканды жөргөмүшкө салып берип, аны кантип торго байлап жана чагып жатканын видеого тарткан.
Кадрлардан майда жандыктын өзүнөн бир нече эсе көлөмдүү тараканды тездик менен чырмап жаткандыгын көрүүгө болот.
Мындай жөргөмүштөр Россиянын бир катар аймактарында, Борбор Азияда, Казакстанда, Кавказда жашай турганы айтылат. "National Geographic Россия" сайтында алардын бири эл сырткы көрүнүшүнөн улам кара курт катары кабыл алган жөргөмүш экени жана экинчиси илимде Steatoda triangulosa деп аталары маалымдалган.Булар курмандыгын колго түшүргөндө желеси менен алгач анын буттарын байлап, андан соң денесин каршы-терши ороп чыгарын жазышкан. Андан соң уусу менен чагып өлтүрөт.
Окумуштуулар бул жөргөмүштөрдүн уусу адамдар үчүн анчалык коркунучтуу эмес экендигин белгилешкен.
Тенётник деп аталган түргө киргендер кээде көлөмү жагынан өзүнөн 50 эсе чоң жаныбарларды — чычкан, жыланды да курмандыкка чалып алууга жөндөмдүү экени айтылат.
Кичинекей жаныбар вольердин ичиндеги ар бир буюмду кызыгуу менен карап, "жакындан таанышып" жатканы сырттан караган адамды эрксизден жылмайтпай койбойт.
Мамалак биринчи саякатында айнекти, жерге төшөлгөн таш таманды (брусчатканы) да жыттап, аны "изилдеп" чыккан.
Ростов-на-Дону шаарындагы зоопарктын кызматкерлери аюу баласын өзү каалаган учурда гана эшикке сейилдетип алып чыга тургандыгын кошумчалашкан.
Сүйкүмдүү бул мамалак былтыркы жылы декабрь айында 500 грамм салмак менен туулган.
Кызыгы, сурамжылоого катышкан 16 депутаттын бири дагы туура жоопту айта алышкан жок. Кээ бири жаңы Баш мыйзам менен таанышып чыга электигин ачык эле мойнуна алды. Айрымдары парламенттин эмес, президенттин укуктары жазылган беренелерди эстеп калганы белгилүү болду.
Пархат Тулендыбаев, Аалы Карашев, Бактыбек Райымкулов, Төрөбай Зулпукаровдор суроону уккандан кийин качып кутулду.
Боррелдин айтымында, бул Евробиримдиктеги демократияны каралоого жана эл аралык кызматташтыкты чабалдатууга багытталган. Бул тууралуу Ирина Алкснистин материалын РИА Новости жарыялады.
Боррель мизи али кайта элек пандемия шартында жалган жана жаңылыш ойго түрткөн маалыматтардын өтө кооптуулугун белгилеген. "Биз Кремлге ыктаган каналдардын бет кап тагынуунун кажети жоктугун айтканын, карантинге каршы козуткандарын көрдүк", — дейт ал.
Дипломаттын пикиринде, эми Москванын вакциналык дипломатиясы биринчи планга чыкты. Ал бир жагынан батыш препараттарын жана өндүрүшчүлөрүн каралоого тырышып, экинчи жагынан өздөрү өндүргөндөрүн даңазалап, активдүү таанытууга аракет кылууда.
Европада жаңы карантиндик катаал чаралар толкуну башталып туру. Финляндияда өзгөчө абал жарыяланып, Чехияда дүйнөдө илдет эң көп катталгандыгынан улам тургундарга жашаган райондорунан чыгууга тыюу салынган. Италияда да чектөөлөр күчөтүлдү.
Өз кезегинде дээрлик бир жылдан берки тыюу салуулар жана үйдө отургандан жадаган Европа калкы бийликтин бул чаралардын баары өз саламаттыгы үчүн деген аргументтеринин эч бирин уккусу келбей баратат. Массалык протесттер дээрлик бүт континентке жайылды.
Кырдаал ушунчалык татаал экенин мындан билиңиз, биримдиктин бекемдиги көз алдыбызда бириндөөдө. Чехия "Спутник V" вакцинасын алуу үчүн Россияга кайрылды, бул – өлкөнүн президенти жана премьер-министринин макулдашылган позициясы. Словакия андан да алдыга кетип, аркасынан Венгрия, Сербия жана башка өлкөлөрдүн европалык жөнгө салуучуну күтпөстөн россиялык препаратты тездетилген жол-жобо менен каттады.
Коронавирус боюнча кыйла татаал кырдаалдагы поляктар үчүн Россияга жардам сурап кайрылуу акылга сыйгыс, ошондуктан алар COVID-19га каршы вакцина жөнүндө Кытай менен сүйлөшүү жүргүзүүгө киришти.
Абал бир жыл мурунку окуяны эске салууда. Анда Европа биримдиги өзгөчө кырдаалда өзүнүн толук алсыздыгын көрсөтүп, анын мүчөлөрү курч каатчылыкка каршы өз алдынча күрөшүүгө мажбур болгон. Айырмасы – анда глобалдык масштабдагы күтүүсүз жагдай эле, бул чындап эле принципиалдуу түрдө маанилүү. Анын жүрүшүндө өзгөчө шарттарда ыкчам реакция зарыл учурда Брюссель аракетке жөндөмсүз экени айгинеленди.Бул, албетте, Европа үчүн жагымсыз ачылыш. Бирок ошол абалда ЕБдин дармансыздыгын актоого болбосо да, жок дегенде көйгөйдүн өтө күтүүсүздүгү жана глобалдуулугун түшүндүрүүгө болмок.
Азыр кырдаал алда канча башкараак. Пандемиядан улам күтүүсүздүктүн таасири басаңдаганда Евробиримдик кайрадан тирдене түшкөн. Анткени анын күчтүү деп саналган сапаттары, атап айтканда, стратегиялык пландоо, татаал процесстерди уюштуруу, каражаттарды топтоо жана бөлүштүрө билиши зарыл болду. Европалык бийликтин жакындагы эле аракеттеринде, маселен, экономиканы кайра калыбына келтирүү планынан дүйнө жүзүнө мындай коркунучтар менен күрөшүүнүн үлгүсүн көрсөтө тургандыгы боюнча убадасы байкалат. Көрсөтүштү. Анын натыйжасы маанилүү багыттардагы ийгиликсиз аракеттери болду.
Европа талдалган карантиндик стратегия өз башына муш болду, ал эми калкты эмдөө боюнча иш жагдайын сүрөттөө үчүн "кырсык" деген гана аныктама туура келет. Ошону менен катар мындай абалдын кейиштүүлүгүн мындан билиңиз, пандемия менен күрөшүүдө үлгү болгусу келген өлкөлөрдүн өзүндө абал Европадагыдан бир топ дурус.
Ал эми бардык нерсенин өзөгүндө европалык бийлик тарабынан кабыл алынган жаңылыш чечимдер. Бул Европа биримдигинин кадыр-баркына алапайын таппай калган бир жыл мурунку абалынан да катуу доо кетирет.
Ушундай жагдайда чыгыш европалык мамлекеттердин өз алдынча аракет этүүгө умтулганы түшүнүктүү. Алар, албетте, ЕБ курамында экинчи сапта турушарын жакшы билишет, ошондой эле коронавирус көйгөйүндө калдык принциби боюнча жардам алууга мажбур экенин билет. Натыйжада өз кезегин сабырдуулук менен күтүүдөн чарчаган өлкөлөрдүн саны улам арбып, анын ордуна алар Брюсселдин уруксатын албастан аракетке өттү. Брексит, ошондой эле өзгөчө шарттарда да Брюсселге кылчактабаган польшалык жана венгриялык бийликтин евроскептицизминин өрчүп баратышы Европа биримдиги үчүн анча жакшы көрүнүш эмес.Дээрлик алты жыл мурун Европа өзүнө миграциялык каатчылык уюштуруп, анын азабын бүгүнкү күнгө чейин тартып келет. Пандемияга каршы күрөш европалык саясатты дагы бир ийгиликсиздикке тушуктуруп, кыска эле мезгил ичинде оор кесепеттерге кептеген кыйла стратегиялык туура эмес эсептер менен жүргүзүлгөнүн көрсөттү.
Брюсселдин көйгөйдү сырттан европалык демократия жана шериктештикке доо кетирген душман издөөгө шылтоо менен өз катачылыктарын моюнга алуудан принципиалдуу түрдө баш тартышы бул маселелер менен эле токтоп калбастыгын кепилдейт.