Уюмдун кезектеги мелдешинин башкы беттешинде россиялык Александр Волков менен мурда оор салмактагы чемпиондук титулга талапкер болгон Алистар Оверим кез келди.
Волков атаандашын экинчи раундда эле нокаутка кетирип утту. Россиялык мушкердин кубаттуу соккусунан кийин Оверим жерге чөгөлөп кулаган. Рефери беттешти дароо токтоткон. Бул жеңиштен кийин Волков титулдук беттешке чыгууга талапкер болушу мүмкүн.UFC Fight Night 184 мелдешинин негизги делген дагы бир беттешинде эң жеңил салмактагы мушкер Кори Сэндхаген Фрэнки Эдгарды нокаутка кетирди. Кармаштын 28-секундасында ал тизеси менен атаандашын ээк тушка катуу тээп, эстен тандырды. Эдгар дарыгерлердин жардамы менен гана өзүнө келди.
Бул нокаутту UFC башчысы Дана Уайт да белгилеп, ага өзүнчө твит жазды.
Holy Shit @cors_life pic.twitter.com/4YJIOobax9
— danawhite (@danawhite) February 7, 2021
Мелдештин дагы бир маанилүү таймашы ардагер мушкер Клей Гуида менен Майкл Жонсондун ортосунда болуп, Гуида калыстардын чечими менен жеңүүчү деп табылды.
Мелдештин жыйынтыгы менен Александр Волков жана Кори Сэндхаген кечеде мыкты таймаш көрсөткөндүгү үчүн промоушенден бонус алды.
Кичинекей жаныбар вольердин ичиндеги ар бир буюмду кызыгуу менен карап, "жакындан таанышып" жатканы сырттан караган адамды эрксизден жылмайтпай койбойт.
Мамалак биринчи саякатында айнекти, жерге төшөлгөн таш таманды (брусчатканы) да жыттап, аны "изилдеп" чыккан.
Ростов-на-Дону шаарындагы зоопарктын кызматкерлери аюу баласын өзү каалаган учурда гана эшикке сейилдетип алып чыга тургандыгын кошумчалашкан.
Сүйкүмдүү бул мамалак былтыркы жылы декабрь айында 500 грамм салмак менен туулган.
Кызыгы, сурамжылоого катышкан 16 депутаттын бири дагы туура жоопту айта алышкан жок. Кээ бири жаңы Баш мыйзам менен таанышып чыга электигин ачык эле мойнуна алды. Айрымдары парламенттин эмес, президенттин укуктары жазылган беренелерди эстеп калганы белгилүү болду.
Пархат Тулендыбаев, Аалы Карашев, Бактыбек Райымкулов, Төрөбай Зулпукаровдор суроону уккандан кийин качып кутулду.
Жакында эле сот Ми-8 МТВни башкарган учкучка карата өкүм чыгарды. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы фемида өкүлдөрүнүн чечиминин негизинде окуянын чоо-жайын тактоого аракет кылды.
Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндөгү аскердик бөлүктөрүнүн биринен борбор калаадагы бир туристтик компания 2018-жылдын 9-июлунда тик учак буюртма кылган. Анын жардамы менен турфирма Ысык-Көл облусунун бийик тоолуу өрөөнүнө чет элдик туристтерди жеткирмек. Ошентип аскер командирлери Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү учакты кароодон, экипажды медициналык текшерүүдөн өткөрүп коммерциялык каттамды аткарууга киришкен. Экипаждын курамында учкуч, бир командир, дарыгер, борттехник болгон. Алар чет мамлекеттен келген эс алуучуларды жүгү менен Түп районундагы Чар-Кудук тоосунан альпинисттердин лагери жайгашкан Түштүк Эңилчек өрөөнүнө алып бармак. Жүргүнчүлөрдүн арасында Япониянын үч, Польшанын төрт, Германиянын эки жараны жана бир котормочу бар болчу.
Аскердик тик учак таң эрте саат 7.30дар чамасында жолго чыгып, 40 мүнөт учуп барып, деңиз деңгээлинен 3900 метр бийиктикте жайгашкан узуну жана туурасы беш метр болгон чакан аянтчага конууга аракет кылган. Бирок тең салмактуулугун жоготуп солго ооп, коно турчу жерден 30 метр алыстыкка кулаган. Жыйынтыгында жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү түрдүү жаракат алып, көз жумгандар болгон эмес. Генералдык штабдын карамагындагы учак жараксыз болуп, мамлекеттик казынага 37 миллион 723 миң 939 сом зыян келтирилген. Андан соң ал жактагылар тоонун башында кырсыктаган вертолеттун ичиндегилерди куткарып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Ал эми аскер башчылары экинчи бортту жардамга жөнөтүп, жаракат алгандарды Бишкектеги ооруканага жеткирүү тапшырмасын берген. Ошондой эле Казакстандан дагы бир тик учак жардамга келген.
Тергөө маалында жүргүнчүлөрдүн бири укук коргоо кызматкерлерине төмөндөгүдөй көрсөтмө берген.
"Окуя болгонго чейин жакшы эле учуп барганбыз, аба ырайы дагы жакшы болчу. Биз конгон маалда тик учак күтүүсүздөн эле силкинип, капталга ооп кетип кулады. Ызы-чуу болуп кетти. Учак жарылат экен деп андан чыгуу жолдорун издегем. Арткы сол жагын түрсөм ачылып кетип, баарыбыз ошол жерден шашкалактап чыкканбыз. Мен мамлекеттик органдардын, туристтик фирманын ишине дооматым бар. Анткени алар медициналык жардамды өз учурунда бере алышкан жок, тоого келгендерге тиешелүү шарт түзүлгөн эмес", — деген ал.Далилдер чогултулуп, күбөлөр, окуяга тиешеси бар офицерлер суракка алынып, иш сотко өткөн.
Курамына техник адистер, учкучтар кирген атайын комиссия окуянын толук чоо-жайын иликтөөгө киришкен. Түзүлгөн топ окуянын келип чыгышына аба ырайынын бузулушу, катуу шамал себеп болгон деп тыянак чыгарган.
Соттук териштирүү маалында аскердик учакты Ak Sai Travel жоопкерчилиги чектелген коому келишимдин негизинде жалдаганы белгилүү болду. Аталган компания пайдаланууга жараксыз болуп калган Ми-8 МТВни өз каражатынын эсебинен калыбына келтире тургандыгы айтылган. Себеби тараптар ортосунда ошол жылы камсыздандыруу боюнча келишим түзүлгөн эле.
Териштирүү учурунда тик учакты башкарган пилот инструкциянын негизинде гана учканын айткан.
Сот 35 жаштагы учкучту Жазык кодесинин 379-беренеси ("Учуу эрежелерин бузуу") боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыраткан. Кийин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата кабыл алынган мунапыстын негизинде жазадан бошоткон. Ал эми мамлекетке келтирилген зыянды калыбына келтирүүнү жарандык иштер боюнча соттук өндүрүштүн алкагында кароо сунушталган.
Материал Биринчи май райондук сотунун өкүмүнүн негизинде жасалды.