Билдирүүдө айтылгандай, ал кылмышты каттоодон баш тартуу үчүн жарандан акча талап кылгандыгы аныкталган.
Кармалган милиция кызматкеринин иш бөлмөсүн тинтүү учурунда мурда пара катары алынган каражаттын бир бөлүгү табылган. Атайын кызмат анын канча сом өлчөмүндө пара менен кармалгандыгын ачык айткан жок.
Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш башталганы белгилүү болду.
Жырткыч менен топоздордун "кармашынын" видеосу "National Geographic Россия" сайтына жарыяланган.
Анда көрүнүп тургандай, ак илбирс тоо топоздорунун үйүрүнө акырын барып, кичирээгине чап жармашкан. Алар тоодон кармаша ылдый кулаган. Алардын артынан ири топозу түшүп, мүйүзү менен кичирээгин куткарууга аракет кылып аны сүзгүлөгөн. Андан соң артынан "жардамга" дагы бири келген. Ошентип, баарылап жатып "тууганын" ажалдын оозунан сууруп алышкан. Ал эми илбирс эч нерсе чыкпай турганын сезгенсип ары басып кеткен.
Жыйында депутат, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Бактыбек Турусбеков баяндама жасап, референдумду 11-апрелге жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо өткөрүүнү сунуштады.
Адегенде эле депутат Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңеш жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алабы деген суроону кабыргасынан койду. Ал парламент өзгөртүүгө укуктуу экенин белгилеп, ал эми жаңысын кабыл алуу Баш мыйзамда жазылбаганын айтты. Бул суроого комитеттин төрагасы да, Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү дагы так жооп бере алган жок.
Ал эми Аида Касымалиева буга чейин депутаттар берген сунуштар Баш мыйзамдын долбооруна кошулбай калганын айтты.
"Конституциялык кеңешменин катчылыгынан сурасам бир да сунуш келген жок деп жатат. Анда биз айткан сунуштар кайда кетти, эмнеге кайра-кайра талкуулап жатабыз? Бүгүн комитетте каралып жатат, эми мындан ары регламентке ылайык эч жерин өзгөртө албайбыз. Биздин өзгөртүү киргизүү мүмкүнчүлүгүбүз иштебей калды. Баш мыйзам редакциялык жагынан дагы уят болбогудай болушу керек. Текст боюнча бардык мүчүлүштүктөрдү карап чыгышыбыз керек. Азыр чачын тарабаган адам сыяктуу болуп калган. Ушул бойдон кетсе баарыбыз уят болобуз", — деди Касымалиева.Белгилей кетсек, 17-февраль күнү жаңы Баш мыйзамдын долбоорун демилгечи болду делген 80 депутат жана Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү талкуулаган. Эл өкүлдөрү бир нече кемчиликтерин таап, сунуштарын беришкен. Анда Конституциялык кеңешменин катчылыгы карап чыгып сунуштарды кошо турганы айтылган.
Бүгүн болсо көп талкуу болгон жок, төрт-беш депутат гана суроо берүү менен чектелди. Жыйынтыгында комитеттин мүчөлөрү бир добуштан колдоп беришти.
Регламентке ылайык, эми Конституциянын долбоору парламенттин жалпы жыйынында каралат. Эгер үч окуудан тең колдоо тапса, референдум дайындалмакчы.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус 48 адамдан табылып, 49 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен COVID жуктургандардын жалпы саны 86 359га жетти.
Айыккандар:
Өлкөдө жалпы 83 318 бейтап ооруну жеңген.
Тилекке каршы, дарт бир сутка ичинде Бишкектен бир адамдын өмүрүн алган. Аны эсепке алганда илдеттен жалпы 1 468 киши көз жумган.
Азыркы тапта ооруканаларда 355 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 100 адамдын абалы оор болсо, 14үнүкү өтө оор деп бааланды.
Бир сутка ичинде өлкөдө медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган эмес.