Көрсөтүүнүн автору 1-февралдагы чыгарылышында Вашингтонго армиянын белгисиз мөөнөткө жайгаштырылышына көңүл бурган.
Автор белгилегендей, Жозеф Байдендин инаугурациясынан кийин аскер күчтөрү Вашингтондон чыгарылган эмес, тескерисинче, кошумча күч тартылган. АКШнын Улуттук гвардиясынын жетекчилиги аскерлерди борборго алып келүү максатын ачыктабайт. Бирок айрым демократиялык саясатчылар жоокерлер "расизмдин кара күчүн, шовинизмди жана дезинформацияны түп-тамыры менен жок кылат" деп ачык айтып чыгышкан.
"Алар эмне кылып жатышат? Улуттук Гвардиянын жетекчилиги дагы деле айткысы келбейт. Ыйгарым өкүлдүн айтканын келтирсем: "Иш-аракеттердин купуялуулугунан улам биз азыркы миссиянын майда-чүйдөсүнө кирбейбиз". Охо! Борборубузда жоокерлер жүрөт, бирок биз эмнеге жүргөнүн билүүгү укугубуз жокпу?" - деп суроо салган баяндамачы.
Көрсөтүүнүн 04:50үнчү мүнөтүндө Такер Вашингтондун борборуна аскерлердин жайгаштырылышы адаттан тыш экенин айтып, мындай көрүнүш АКШда эмес, Кыргызстанда көп кездешиши мүмкүн экендигин белгилеген.
"Ойлонуп көрсөңүз! Дезинформацияга каршы күрөшүү үчүн Вашингтонго аскер күчтөрү жөнөтүлдү. Сиз демократ-губернаторго жакпаган пикир айтсаңыз ал аскерлерин жөнөтөт. Сиз ушундай мамлекетте чоңойгонсузбу? Андай эмес. Бул АКШдагы көрүнүштөргө окшобойт. Мында жарандык согуш да болгон эмес. Бир дагы жаран мындайга күбө болбогон", — деген алып баруучу.Белгилей кетсек, Жо Байдендин инаугурациясына чейин Улуттук гвардиянын аскерлери АКШнын борборуна алып келинген. Инаугурация учурунда Капитолийди 23 штаттан келген улуттук гвардиячылар кайтарган. Кийинчерээк алардын саны мурдагыдан да көбөйгөн.
Биздин кадрга түшкөн 10 депутаттын ичинен эң эле кымбат саат Марлен Маматалиевдики деп атоого болот. Андай сааттардын баасы интернет дүкөнүндө 2,2 миллион сом деп жазылган. Андан кийинки сапта Аккулу Бердиев менен жакында эле депутаттык мандатын тапшырып кеткен Искендер Гайпкулов турат. Ал эми эң арзаны Асел Кодурановага таандык. Аныкына окшогон сааттарды 10 300 сомго сатып алса болот.
Анын айтымында, буга кеткен каражат дагы бюджеттен алынбай, депутаттар өз чөнтөгүнөн чыгарган.
Октябрь айындагы башаламандык учурунда талкаланган ЖКнын имаратын оңдоп-түзөөгө эл өкүлдөрү айлык акысынан 9 миллион сом которушкан. Андан кийин дагы чогултуп, парламенттин аппаратынын ишин камсыздоо үчүн керектелүүчү техника сатып алышкан.
"2010-жылы Ак үйдү оңдоп-түзөө иштерине 120 миллион, техникалык жабдууга жана эмеректерге 180 миллион сом жумшалган. Жалпы 300 миллион коротулуп жатат. Бул каражаттын бардыгы мамлекеттин эсебинен алынган. Ал эми октябрь окуясында талкаланган имаратты калыбына келтирүү үчүн 19 миллион сомдон ашуун гана каражат кетти. Кээ бир депутаттарга чоң кабинеттерди берип, "сиздин мүмкүнчүлүгүңүз бар, өзүңүз отуруп оңдоп алыңыз" дедик", — деди Мамытов.
Төрага мындан сырткары дагы техника алуу үчүн 10 миллион сомдой керектелерин айтып, ал бюджеттен бөлүнүшү мүмкүндүгүн белгиледи.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп бере турган ишеним телефон номерлерин жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
"Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү" жарлыгын аткаруу максатында ишеним телефону иштеп баштады", — деп айтылат маалыматта.
Эми ишкерлер күнү-түнү (0312) 88-90-33 номерине чала алышат.
Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин, чакан бизнестин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду.