Крокодилден араң кутулган антилопа кабыланга капыстан жем болду. Кейиштүү видео

339
Түштүк Африкадагы Крюгер паркында жаш антилопа биринчи душмандан качып кутулуп, экинчисинин колуна капыстан кабылган кейиштүү окуя болгон. Бул тууралуу "National Geographic Россия" сайты жазды.

Аталган жаратылыш паркындагы бул көрүнүштү турист болуп жүргөн күйөөсү менен аялы камерага тартып алган.

Кадрдан анча чоң эмес, бирок ылай сууга крокодилдин антилопаны сүйрөп кирип, бирок андан ары толук тартып кете албай жатканын көрүүгө болот. Акыры жулкунуп, улам өйдө обдулуп жатып, жырткычтын оозунан анын суурулуп кеткени туристтерди "өх-хх" дедирткен. Бирок аялы менен күйөөсүнүн кубанычы көпкө созулбай, бадалдын арасында жашынып турган кабылан крокодилдин оозунан жаңы кутулуп чыккан антилопаны бакыртып басып калган.

Кейиштүү бул окуянын дал ушул ирмемдеринде видео даана тартылбай, окуя бүдөмүк болот. Андан кийинки кадрдан кабылан антилопанын кекиртегинен тиштеп алып бактын арасында сүйрөп жүргөнүн көрүүгө болот.

339
Белгилер:
видео, крокодил, турист, өлүм, кабылан, антилопа, Түштүк Африка Республикасы
Тема боюнча
Музоого кол салган кабылан анын "ата-энесинин" тепсендисинде калды. Видео
Крокодил менен шоу көрсөтүп жаткан адам колунан ажырап кала жаздады. Видео

Баасы 2 млн. сомду чапчыйт. Депутаттардын колундагы кымбат сааттардын видеосу

204
(жаңыланган 20:42 26.02.2021)
Жогорку Кеңештин депутаттары кандай саат тагынарына кызыгып жаткан болсоңуз, ушул видеодон тааныша аласыз. Sputnik Кыргызстан эл өкүлдөрүн сүрөткө тартып, алардыкына окшош сааттардын баасын билип көрдү.

Биздин кадрга түшкөн 10 депутаттын ичинен эң эле кымбат саат Марлен Маматалиевдики деп атоого болот. Андай сааттардын баасы интернет дүкөнүндө 2,2 миллион сом деп жазылган. Андан кийинки сапта Аккулу Бердиев менен жакында эле депутаттык мандатын тапшырып кеткен Искендер Гайпкулов турат. Ал эми эң арзаны Асел Кодурановага таандык. Аныкына окшогон сааттарды 10 300 сомго сатып алса болот.

204
Белгилер:
кымбат, баа, саат, депутат, Жогорку Кеңеш
Тема боюнча
Сатса бир үй келет. Депутаттар тагынган сааттын баасы жана сүрөттөрү
4 млн. сомдук зер буюм. Баалуу металл сактаган депутаттардын тизмеси
Депутаттар кандай унаа айдайт? 120 миң долларга жеткен жиптердин видеосу

Спикер Мамытов: Ак үйдү 19 млн. сом менен оңдодук, мурда 300 млн. кеткен. Видео

66
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде Ак үйдү калыбына келтирүүгө 19 миллион сом гана коротулганын билдирди.

Анын айтымында, буга кеткен каражат дагы бюджеттен алынбай, депутаттар өз чөнтөгүнөн чыгарган.

Октябрь айындагы башаламандык учурунда талкаланган ЖКнын имаратын оңдоп-түзөөгө эл өкүлдөрү айлык акысынан 9 миллион сом которушкан. Андан кийин дагы чогултуп, парламенттин аппаратынын ишин камсыздоо үчүн керектелүүчү техника сатып алышкан.

"2010-жылы Ак үйдү оңдоп-түзөө иштерине 120 миллион, техникалык жабдууга жана эмеректерге 180 миллион сом жумшалган. Жалпы 300 миллион коротулуп жатат. Бул каражаттын бардыгы мамлекеттин эсебинен алынган. Ал эми октябрь окуясында талкаланган имаратты калыбына келтирүү үчүн 19 миллион сомдон ашуун гана каражат кетти. Кээ бир депутаттарга чоң кабинеттерди берип, "сиздин мүмкүнчүлүгүңүз бар, өзүңүз отуруп оңдоп алыңыз" дедик", — деди Мамытов.

Төрага мындан сырткары дагы техника алуу үчүн 10 миллион сомдой керектелерин айтып, ал бюджеттен бөлүнүшү мүмкүндүгүн белгиледи.

66
Белгилер:
Талант Мамытов, каражат, оңдоо, Ак үй, Жогорку Кеңеш
Тема боюнча
Чуркап, жаңылып, кайра-кайра добуш берген депутаттар. Парламент жыйынынан видео
Талкаланган Ак үйдүн чыгымдарын эсептөө үчүн комиссия түзүлдү
Рысалиев 3 партия жаңы Ак үй салып берсин десе, депутаттар каткырышты. Видео
Башкы прокуратуранын имараты. Архив

Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп берген ишеним номерлерин жарыялады

0
(жаңыланган 22:35 26.02.2021)
Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп бере турган ишеним телефон номерлерин жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

"Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү" жарлыгын аткаруу максатында ишеним телефону иштеп баштады", — деп айтылат маалыматта.

Эми ишкерлер күнү-түнү (0312) 88-90-33 номерине чала алышат.

Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин, чакан бизнестин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду. 

0
Белгилер:
текшерүү, ишкердик, ишеним телефону, Башкы прокуратура, Кыргызстан
Тема боюнча
Дарыканаларды текшерүүгө мораторий жоюлат. Мыйзам долбоору даярдалууда