Видео YouTube каналындагы соттук трансляцияга жарыяланды. Адвокатка видеочатта өзү отурганын далилдөөгө туура келген.
"Мен бул жерде, түз эфирдемин, мышык эмесмин", — деген адвокат
NBC News жазганына караганда, адвокат адашып кетип фильтрди басып алып, маанайы жок мышыктын образында чыгып калган. Ал 30 секунддай масканы өчүрүп коюуга аракет жасаса да андан майнап чыккан эмес. Акыры юрист жыйынды ушундай образда улантууга даяр экенин билдирген. Понтондун маектештери окуяга юмор менен карашкан. Адвокат фильтрди анын ассистенти колдонуп жүргөнүн айткан.
Россиянын Бердск шаарынын спортчулары дээрлик 600 метр бийиктикте туруп өнөрүн тартуулашкан.
Алар дүйнөдө биринчи болуп асманга көтөрүлгөн учурда концерттик программасын аткарганы белгиленет. Гимнасттар муну менен эле чектелбей, дагы да көп ыкмаларды жасай турганын айтышкан.
8-март — Аялдардын эл аралык майрамын утурлай жоокерлер өз апаларын, эжелерин айттырбай барып куттуктап, кубантышкан.
Энелердин жүрөгү элжиреп "силер бактылуу болсоңор, мен бактылуумун" деп алкап жатканын көрүүгө болот. Ал эми көчөдө баратып аскерлердин колунан гүл, открытка алган айымдар көңүлү көтөрүлүп рахматын айтышты.
"Жаздын алгачкы күнү менен келген бул майрамда сиздерге бакыт-таалай, бекем ден соолук, узун өмүр каалайбыз. Бар болуңуздар, кымбаттуу, нур жүздүү, ай-чырайлуу айымдар!" — деп жазылган маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.
Видео Ички иштер министрлигинин YouTube каналына жайгаштырылган.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
"Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы өнүгүүнүн жана натыйжалуу өз ара алака түзүүнүн келечегин талкуулашат", — деп айтылат маалыматта.Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуулары пландаштырылууда.
Мындан тышкары, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү пландалууда.