АКШда Принц Полночь (Prince Midnight) каймана аттуу музыка ышкыбозу жакын тууганынын сөөгүнөн гитара жасап алды. Бул тууралуу "Российская газета" маалымат булагы жазып чыкты.
Ал мындай аракети менен өзүн бир кезде хеви-метал (рок-музыка) жанрына кызыгуусун арттырган тууганына урмат көрсөтүүнү чечкенин билдирди.
Музыканттын айтымында, жол кырсыгына кабылып каза болгон жакыны сөөгүн илимге арноону керээз кылган. Скелет жыйырма жыл бою дарыгерлерди окутуу үчүн пайдаланылып, кийин жакын туугандарына, тактап айтканда, Принцке өткөрүп берилген.Музыкант аны рок-музыкага үйрөткөн агасынын сөөгүн жерге берүүгө же өрттөөгө кыйбай, элесин түбөлүк калтыруу үчүн анын скелетинен гитара жасап алган. Принц тууганына зор урмат-сый көрсөткөнүн, чечими менен сыймыктанарын билдирди.
Жыйында депутат, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Бактыбек Турусбеков баяндама жасап, референдумду 11-апрелге жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо өткөрүүнү сунуштады.
Адегенде эле депутат Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңеш жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алабы деген суроону кабыргасынан койду. Ал парламент өзгөртүүгө укуктуу экенин белгилеп, ал эми жаңысын кабыл алуу Баш мыйзамда жазылбаганын айтты. Бул суроого комитеттин төрагасы да, Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү дагы так жооп бере алган жок.
Ал эми Аида Касымалиева буга чейин депутаттар берген сунуштар Баш мыйзамдын долбооруна кошулбай калганын айтты.
"Конституциялык кеңешменин катчылыгынан сурасам бир да сунуш келген жок деп жатат. Анда биз айткан сунуштар кайда кетти, эмнеге кайра-кайра талкуулап жатабыз? Бүгүн комитетте каралып жатат, эми мындан ары регламентке ылайык эч жерин өзгөртө албайбыз. Биздин өзгөртүү киргизүү мүмкүнчүлүгүбүз иштебей калды. Баш мыйзам редакциялык жагынан дагы уят болбогудай болушу керек. Текст боюнча бардык мүчүлүштүктөрдү карап чыгышыбыз керек. Азыр чачын тарабаган адам сыяктуу болуп калган. Ушул бойдон кетсе баарыбыз уят болобуз", — деди Касымалиева.Белгилей кетсек, 17-февраль күнү жаңы Баш мыйзамдын долбоорун демилгечи болду делген 80 депутат жана Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү талкуулаган. Эл өкүлдөрү бир нече кемчиликтерин таап, сунуштарын беришкен. Анда Конституциялык кеңешменин катчылыгы карап чыгып сунуштарды кошо турганы айтылган.
Бүгүн болсо көп талкуу болгон жок, төрт-беш депутат гана суроо берүү менен чектелди. Жыйынтыгында комитеттин мүчөлөрү бир добуштан колдоп беришти.
Регламентке ылайык, эми Конституциянын долбоору парламенттин жалпы жыйынында каралат. Эгер үч окуудан тең колдоо тапса, референдум дайындалмакчы.
Эки президент Нур-Султандагы "Акордада" жолукту. Алар алгач тар чөйрөдө сүйлөшүп, андан соң кеңейтилген форматтагы жолугушуу өттү. Анда эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, биргелешкен өз ара алаканын мындан аркы келечеги талкууланды.
Кийин сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча президенттер бирдиктүү билдирүү жасап, бир нече документке кол коюшту.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайда бир киши каза болгонун Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
2-март таң эрте Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынын күзөтчүсү камактагы 51 жаштагы эркек кишини эс-учун жоготкон абалда тапкан.
"Окуя болгон жерге дароо Тез жардам кызматы чакырылып, медиктер киши көз жумганын аныкташкан. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды", — деп айтылат билдирмеде.
Каза тапкан адам Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") менен шектелип, эки айга камакка алынган.
Ишти ар тараптуу жана объективдүү иликтөө үчүн текшерүү дайындалган. ИИМ, Чүй ОИИБи менен прокуратура жетекчилиги ишти көзөмөлгө алган. Аталган факт каттоого алынып, чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн УКМКга өткөрүлүп берилген.