Максат ажы, референдум, жаңы кадрлар... Садыр Жапаровдун маеги видеодо

970
(жаңыланган 20:26 11.02.2021)
Президент Садыр Жапаров КТРКга жаңы кадрлар, Баш мыйзам, референдум сыяктуу бир катар маселелер боюнча маек берди.

Мамлекет башчы учурда коомчулукта чуу жараткан мурдагы муфтий Максат ажынын кармалышы боюнча дагы комментарий берген.

970
Белгилер:
видео, Максатбек ажы Токтомушев, кадрлар, конституция, референдум, КТРК, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема:
Муфтияттагы чуулуу иш (17)

Алдына 4 "чычкан" чогултуп. Референдум дайындоого добуш берген депутаттардын видеосу

1218
Бүгүн ЖК депутаттары жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум дайындоо демилгесин биринчи окууда колдоп берди. Өлкөнүн маанилүү документи каралып жатканына карабай бир эле депутат төрт кесиптешинин ордуна добуш берди.

Алгач Дастан Бекешев жок депутаттардын ноутбугун өчүрүүнү талап кылды, бирок андай болгон жок. Аңгыча эле Самат Исманов алдына төрт ноутбуктун "мышкасын" чогултуп жатканы көзгө урунду. Аны менен катар Акылбек Жапаров дагы төрт депутат үчүн добуш берди. Натыйжада 87 макул, 9 каршы добуш менен демилге колдоо тапты. Баса, УКМКнын тергөө абагында жаткан депутат Дүйшөн Төрөкулов да "макул" деген добуш бергени айкын болду. Анын ордуна ким кнопка басканы белгисиз.

Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.

1218
Белгилер:
добуш берүү, дайындоо, референдум, депутаттар, Жогорку Кеңеш
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
Референдум дайындоого кайсы депутат кандай добуш берди. Тизме
Жерде, түрмөдө жаткан депутаттар кантип кол койду? Момбековдун ачууланган видеосу

Жерде, түрмөдө жаткан депутаттар кантип кол койду? Момбековдун ачууланган видеосу

621
Жогорку Кеңеште жаңы Конституциянын автору делген 80 депутаттын ким экени белгисиз болуп, талаш жаратууда.

Депутат Рыскелди Момбеков демилгечи катары документке 1-мартта кол койду делген депутаттардын арасында 28-февралда көз жумган Алмасбек Акматов, тергөө абагында отурган Кубанычбек Жумалиев дагы бар экенине таң калды.

"Долбоор 1-мартта киргизилиптир. Урматтуу төрага, айтып коюңузчу, Алмасбек Акматов кечээ эле жерге берилди го, өлүп калган кишини кантип кол койдурдуңар. Кубанычбек Жумалиев түрмөдө отурат, ал кантип кол койду? Анан демилгечи 80 депутат болушу керек, бул жерде автор катары 60 гана депутат турат", — деди Момбеков.

Андан соң төрага Талант Мамытов юридикалык жол-жобосу бар экенин айтып, бирок аларды тактаган жок.

621
Белгилер:
Рыскелди Момбеков, Жогорку Кеңеш, долбоор, кароо, конституция
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
Жогорку Кеңеш жаңы Конституциянын долбоорун талкуулап жатат. Видео
Мамытов Конституция долбоорун талкуулабай, референдум дайындоого чакырды
Иманалиев: негизги эки документ жок, Конституция долбоорун карай албайбыз
Партктагы гүлдөр. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:08 03.03.2021)
4-мартка караган түнү республиканын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.

Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.

0
Белгилер:
март, Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Төө-Ашуудагы тайгактан жүк ташуучу унаалар өйдө чыга албай жатат. Видео