Көчкүнү видеого тартып жаткан турист калың кар алдында калды. Видео

Жазылуу
АКШда бир турист кар көчкүнү тартып жатып, анын алдында калды. Көчкү дагы бир нече адамды басып калган.
The Daily Mail булагы жазгандай, окуя Юта штатынын Уинта тоосунда болгон. Майлз Пенроуз туугандары, достору менен тоого чыккан. Карда жүрүүчү унаа менен көңүл ачып жатып силкинүүнү байкашат. Адегенде жер титирөө деп ойлошкон, ал учурда бийиктен агып жөнөгөн кар көчкүнү көрүп калышкан.
Акулалар артынан түшкөн туристти балдар сактап калды. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Акулалар артынан түшкөн туристти балдар сактап калды. Видео
Пенроуздун айтымында, ал көчкүнүн үстүңкү катмарында калып, өз күчү менен чыккан. Ал эми видеого тартып жаткан адамды калың кар басып калган. Ага карабай колундагы смартфонун түшүргөн эмес. Дагы экөө көчкү жетпеген аралыкка качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Бактыга жараша, туристтерден эч ким катуу жабыркаган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0