Россиялык мушкер "көрүнбөгөн" чыканагы менен атаандашын нокаутка кетирди. Видео

397
(жаңыланган 13:46 13.02.2021)
Сочи шаарында өткөн мелдеште Юнусов жарым жеңил салмак категориясында күч сынашкан. Ал күтүлбөгөн сокку менен атаандашын жыга чапты.

Россиялык ММА мушкери Жихад Юнусов Absolute Championship Akhmat (ACA) 117 мелдешинде бразилиялык Леонардо Лимбергерди өзгөчө сокку менен нокаутка түшүрүп утту. Бул тууралу Р-Спорт жазды.

Россиянын Сочи шаарында өткөн мелдеште атлеттер жарым жеңил салмак категориясында күч сынашкан. Экинчи раунддун орто ченинде атаандашын торго кысып, бутунан алып чабуу үчүн чабуул жасап жаткан. Ал учурда бразилиялык спортчу бутун гана коргоп турган. Ал арада Юнусов күтүлбөгөн жерден тик турган атаандашынын бет тушуна чимириле чыканагы менен кубаттуу сокку уруп, аны сулк кулаткан.

Юнусов муну менен ММА спортундагы 18-жеңишин камсыздады. Ал беш ирет утулган. Ал эми атаандашы Лимбергер октагондо экинчи ирет утулду. Ал 14 беттеште жеңүүчү болгон.

397
Белгилер:
видео, нокаут, ММА, мелдеш, ACA
Тема боюнча
Пакистандык мушкер беттештеги нокауттан кийин көз жумду. Видео
Макгрегор нокаут болгондо. UFC мелдешинин бүйүр кызыткан видеолору

Жапаров Матвиенко менен жолугуп, тарыхый окуяларды эске салды

10
(жаңыланган 20:06 25.02.2021)
Тараптар бир катар актуалдуу маселелер жана эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштары боюнча пикир алмашты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукту. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштары боюнча пикир алмашты.

Матвиенко Жапаровдун алгачкы иш сапарынын Россияга жасалышы өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин тастыктаарын белгилеп, бул кыргыз-орус мамилелеринин бардык чөйрөсүнө жаңы дем берип, стимул болоруна бекем ишенерин билдирди.

"Эки өлкө элин жалпы тарых байланыштырып турат. Санкт-Петербургдун депутаты катары Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында миңдеген ленинграддык блокадачылар Кыргызстандын аймагына эвакуацияланганын, алардын арасында балдар да келип, Ысык-Көлдүн жээгинде "жаңы коломтого" баш калкалаганын эске салгым келет. Жаш муундар эки өлкөнүн жалпы тарыхын унутпашы керек", — деди Матвиенко.

Өз кезегинде Жапаров Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы жетишилген жогорку деңгээлдеги парламенттер аралык байланыштарды канааттануу менен белгиледи.

Ошону менен бирге мамлекет башчы бүгүнкү сүйлөшүүлөр жана жетишилген келишимдер эки тараптуу кызматташуунун пайдубалын бекемдөөгө жана кыргыз-орус мамилелери менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним артты.

10
Белгилер:
Парламент, жолугушуу, Россия, Валентина Матвиенко, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Путин менен Жапаровдун жолугушуусунун толук видеосу
Президент Садыр Жапаровду Москва кантип тосуп алды. Видео

АКШ Кыргызстандан үйрөнсүн. Мамдума төрагасы Жапаров менен жолуккан видео

102
Президент Садыр Жапаров Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугуп, парламент аралык мамилени талкуулады.

Володин бүгүнкү жолугушуу эки өлкөнүн мамилелеринин жаңы барактарын ачууга өбөлгө болоруна ишеним артты.

"Сиздин келишиңиз жана бүгүнкү жолугушуу өнүгүүнүн жаңы бийиктиктерине чыгууга, анын ичинде парламенттер аралык мамилелерди арттырат деген ниеттемин. Биз парламенттик кызматташуунун алкагындагы маселелерди талкуулап, сүйлөшөбүз", — деди Мамдума спикери.

Ошондой эле ал Садыр Жапаровду президент болуп шайланышы менен куттуктады.

"Биздин байкоочулар шайлоодо атаандаштык, ачыктык жана легитимдүүлүк жогорку деңгээлде болду деген пикирге келишти. Кыргызстандагы шайлоо АКШга караганда ачык өттү. Кошмо Штаттары ар дайым алардан үйрөнүү керектигин айтып келген, эми өздөрү сиздерден үйрөнүшү керек. АКШга караганда Кыргызстандагы шайлоого ишенсе болот", — деди Володин.

Аны менен катар Мамдуманын төрагасы март айынын аягында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен Душанбеде ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин алкагында жолугушаары пландалып жатканын кошумчалады.

Ал эми Жапаров жаңы чакырыктар менен коркунучтарга, анын ичинде вирус коркунучуна, ошондой эле эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүүдө жана коопсуздукту камсыз кылууда эки өлкөнүн парламенттеринин күч-аракетин бириктирүү маанилүү экенин белгиледи.

102
Белгилер:
Вячеслав Володин, Мамлекеттик Дума, Садыр Жапаров, Кыргызстан, Россия
Тема:
Садыр Жапаровдун Россияга сапары
Тема боюнча
Путиндин маалымат катчысы: Жапаровдун иш сапары мазмуну жагынан көлөмдүү
Президент Садыр Жапаровду Москва кантип тосуп алды. Видео
Залкар ырчы, Кыргыз ССРинин эл артисти Мыскал Өмүрканованын жалгыз кызы Айнура Канжаева

Мыскал Өмүрканованын кызы Айнура: апам мени кайындарынан ала албай өкүттө калыптыр

0
Залкар ырчы, Кыргыз ССРинин эл артисти Мыскал Өмүрканованы билбегендер аз. 1958-жылы Москвадагы декадада Өмүрканова "Алымканды" үч мүнөт созгондо Никита Хрущев тура калып кол чапкандыгы туурасында айтылып, жазылып жүрөт.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Мыскал Өмүрканованын жалгыз кызы Айнура Канжаева менен залкарды эскерүү максатында чакан маек уюштурган. Улуу талант эне катары кандай адам болгон жана ал кишинин өкүтү, тилеги тууралуу кызы айтып берди.

— Мыскал Өмүрканованын бала чагындагы урунттуу окуяларга кайрыла кетсек...

— Апам ортозаар жашаган адамдын кызы болот. Ал кичине кезинде эле ырдачу экен. Таятамдыкына айтылуу Куйручук олуя конокко келгенде атасы кызын сынатат. Ал кезде апам секелек кыз экен, келген меймандарга кайсы бир ырды аткарып берет. Ошондо Куйручук атабыз: "Дүйнөгө таанымал коңур үндүү кыз болот. Маңдайында чырагы жанып турат, бул баланы башка чаппагыла", — дептир. Убагында муну көп элес албаганы менен кийинчерээк гана апам бул тууралуу айтып калып жүрдү. Ошентип жүрүп, 13 жашында жетим калган апамды бир-эки жылдан кийин эле турмушка берип коюшкан. Биринчи турмушу — Сагыналы атабыз кийин согуштан кайтпай калганы белгилүү. Экөө бир уулдуу болушкан. Ал агам да кырсыктап каза болуп калат. Апам бир туугандарын кийин Бишкекке өзүнүн жанына алып келиптир. Эки сиңдиси Токон менен Нускал Чүйгө турмушка чыккан. Бир иниси Токмокто турчу эле, ал да кайтыш болуп кетти, бир агасы согуштан кайтпай калат. Мага келгенде Жумгалга барып келгендигин, төркүндөрүнүн жаңылыктарын, ал-акыбалын айтып берчү. Бир туугандарына абдан карамдуу эле. Баарына каттап турчу.

Народная артистка Киргизской ССР, певица Мыскал Омурканова с семьей
© Фото / предоставлено Айнурой Канжаевой
Айнура Канжаева: Илгери башкармалар айылга келген меймандарды үйүнө чакырып сыйлашчу. Ошондо атам апамды жактырып калып, өз үй-бүлөсүн таштап артынан борборго кетип калат.

— Экинчи турмушу, сиздин атаңыз менен кандайча баш кошуп калган?

— Жолдошу согушка кетип келбей калганда апам он жылдай өз алдынча ырдап жүргөн экен. Бир жолу азыркы Москва районуна концерт коюп келишет, ал кезде атам ошол жерде башкарма экен. Бирок ал кезде эки балалуу, үй-бүлөлүү болот. Илгери башкармалар айылга келген меймандарды үйүнө чакырып сыйлашчу. Ошондо атам апамды жактырып калып, өз үй-бүлөсүн таштап артынан борборго кетип калат. Турмуш дейбизби, сүйүүбү, айтор, экөө баш кошуп жашап калышкан экен. Эки уул, бир кыздын ата-энеси болушат. Кийин гана эки башка жолго түшүшкөн. Менин балалык чагым Москва районунда өттү. Убагында апам бир тууган таякелериң менен тааныштырсам жакшы болот эле деп койчу. Анда көп маани бербептирмин, кийин гана тайларым менен таанышып катышып жүрдүм. Апамдын 100 жылдыгынын өтүүсүнө ошол төркүндөрү, таякелеримдин жардамы зор болду. Өзүмдүн эркек бир туугандарым кайтыш болуп кеткен. Журналист Айбек Шамшыкеевдин атасы менен менин таятам бир тууган. Айбек апам тууралуу тартылган тасмадагы аты аталган адамдарды изилдеп, баардыгын толуктап китеп кылып чыгарды.

Айнура Канжаева, дочь народной артистки Киргизской ССР, певицы Мыскал Омуркановой
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Айнура Канжаева: Анан турмушка чыккандан кийин эне-бала бир беткей катташып калдык. Апам ошондо мага аялзатына керектүү көп таалим-тарбиясын берди.

— Кичине кезиңизде көп байланышпай калыпсыз, бирок эне катары кандай инсан эле?

— Эне деген абдан ыйык да. Турмуштун кыйындыгын карабайсыңарбы, мени айылда алып калып, эрте турмушка бергендери аз келгенсип кичинемде апама да жиберишчү эмес. Апам айылга концерт койгондо гана жолугуп жүрдүк. Мен 9-классымда чоң энемдин көзү өтүп кетти. Анда деле "кой эми, өз апасына барсын" деп жиберишсе деле болмок. Ошентип, мектепти бүтөрүм менен күйөөгө берип коюшту. Турмушка чыкканга чейин уурданып апама бир келдим. Атайын издеп таап бардым. Ошондогу ал кишинин ыйлаганын, абалын эч нерсеге салыштырып жеткире албайм. "Эмнеге сени жибердим экен", — деп сыздап, ошондо болгонун болгондой айтып берген.

— Апаңызга таарыныч болдубу?

— Жок, болгон жок. Чынында кайын журтунан мени жулуп кетүү ал кишинин колунан келген эмес. Анткени ошол мезгилде улуу кишилерге сый-урмат күчтүү болчу да. Бирок качып келгеним билинип калгандан кийин: "мындан кийин кызым мага келип турат, жибергиле", — деп апам да талап койду. Ошондон кийин гана өз энеме айына эки жолу барып турдум. Анан турмушка чыккандан кийин эне-бала бир беткей катташып калдык. Апам ошондо мага аялзатына керектүү көп таалим-тарбиясын берди. Өзү сахна адамы болгону менен аялзатка тийиштүү оокаттарды, сары май, каймак, сүт өңдүү жайлоонун жашоосунун жөнүн жакшы билчү. Күйөө баласын аябай жакшы көрчү эле. "Мал менен жүрөт" деп жолдошума радио, бизге телевизор алып берген. Ал кезде айылдагы бир коңшунун үйүндө эле телевизор болор эле. Аякка да шылтоо менен барганда эле көрүп калбасак, телевизор көрүш кайда. Бирок кыраакы киши баарын байкаган экен. Ал убакта радио, телевизор алуу кыйын болчу. Анан жолдошума саяк уруусундагылардын ар кандай күлкүлүү окуяларын айтып берип күлдүрүп калчу. Мен "кызыксыз го, өзүңүз жактын сырын да айтасызбы?", — деп таң калсам, "чындыгы ушундай болуп жатпайбы", — деп күлчү. Мүнөзү аябай жумшак адам болгон. Келген сайын кайната-кайненеме да ар кандай белек-бечкектерди көтөрүп келчү. "Балам балалуу болгондо билесиң", — дейт. Көрсө, "кызым турмушка жаш чыкты, кайын-журту жакшы карашса, жылуу мамиле жасашса экен", — деп ойлочу турбайбы.

Айнура Канжаева, дочь народной артистки Киргизской ССР, певицы Мыскал Омуркановой
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Айнура Канжаева: Апам мени "окута албай калдым" деп көп арман кылар эле.

— Арманы, өкүтү болдубу?

— Апам мени "окута албай калдым" деп көп арман кылар эле. Кийин мен турмушка чыкканда үйүмө мейман болуп келип калганда аны уккан элдин аягы үзүлчү эмес. Жаш экенмин апам менен өзүмчө калып сырдашып, бирге жүргүм келчү окшойт. Биз деле сүйлөшүп отурчубуз, бирок конокко чакыргандар, үйгө келип ыр угабыз дегендер көп эле. Ошондуктанбы, экөөбүз көпкө сүйлөшүп отурсак дей берчүмүн. Апам болсо эч кимдин көңүлүн кыя албаган жумшак адам эле. Мени дайыма "комуз үйрөнүп ал" дей берчү. Бирок өзүң бир үйдүн келини болсоң, кайдан үйрөнөсүң? Үйдө кайнене, кайнатам бар болчу. Ыйба кылчумун.

Ооба, өкүтү да болду. Ал кишинин элүү жашын белгилегенден кийин эле дароо ардактуу эс алууга жиберип коюшкан. Элүү деген жаш эле курак да. Апам иштей берсе дагы далай ырларга өмүр тартуулап, канчалаган чет мамлекетте өлкөнүн атын чыгарып барып, концерт коюуга жарайт болчу. Ошол кезде эле көрө албастык, бут тосуулар болуптур. Эрте ырдабай калганы, экинчи турмушунан тигинтип ажырашып кеткени жана уулунун токко урунуп каза болгону апамды өкүткө салып койду. Бирок "мен элимдин кызматында болгонума кудайыма ыраазымын", — деп аябай топук кылар эле. Ал баарынан эли-журтун биринчи орунга койгон адам болгон.

— Ал кишинин Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешине эки жолу депутат болгону белгилүү. Ал кезде саясий чөйрө да башка болчу. Бирок саясатка кандайча аралашып калды экен?

— Ооба, ал кезде заман башка эле. Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып иштеп тургандагы иштери, карапайым адамдарга жасаган жакшылыктары зор болгон экен. Жумгалдагы Баш-Кууганды айылына апамдын эстелигин тургузганы барганда ал кишинин элге жасаган жакшылыктарын бааладым. Баары эле мени менен учурашып, аксакал кишилер: "Мыскалдын кызы турбайбы" дешип апамдан көргөн жакшылыктарын айтып отурушту. Негизи апамдын убагында жасаган жакшы иштеринин көбүн мен элден эми угуп жатам.

Айнура Канжаева, дочь народной артистки Киргизской ССР, певицы Мыскал Омуркановой
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Айнура Канжаева: Ал кишинин элүү жашын белгилегенден кийин эле дароо ардактуу эс алууга жиберип коюшкан.

— "Мыскалдын кызы" деп азыр барган жердегилер урматташарын айттыңыз. Бирок сиз бала кезде эле апаңыз Мыскал Өмүрканова болчу да. Ошол кезде сизге жоопкерчилик же жеңилдик болгону сезилчү беле?

— Мен окуп жүргөндө эле ырдачумун. Мени "ии, Мыскалдын кызы, чык, ырда" деп турушчу. Ошол убакта эле уюштуруучулукка да абдан шыктуу элем. Айылдаштарым мени "ырчы кыз" деп койчу. Анан айылга апам менен кошо белгилүү артисттер концерт коюп келгенде баары мени тегеректеп эркелетип, көтөрүп жатканын көргөндөр "аа-иий" деп суктанып калышчу эле. Азыр айылдык аксакалдар сотунда да иштейм. Ушул жактан да түрдүү маселелер менен келгендер арбын. Төркүнүнөн үлүш жер талашкан кыздарды көрөм. Ушундай үй талашкан бир туугандардын, ата-баланын маселеси өңдүү иштерди карап калабыз. Бирок дайыма калыс пикир, чечим билдиргенге далалаттанам. Анан да айылдык, райондук, облустук деңгээлдеги маданий иш-чараларга активдүү катышып келдим. Ушуга чейин апамдын арты менен эл арасында "Мыскалдын кызы" деген сый-урмат мамилеге туш болуп келем. Ошого ыраазымын.

0
Белгилер:
Айнура Канжаева, СССР, ыр, кыз, Мыскал Өмүрканова
Тема боюнча
Назгүл Насиева: балдар үйүндөгү бөбөктөрдүн кечинде жатканда ыйлаганы жүрөк тилет
Чолпонбек Базарбаевдин уулу Таалай: атам мага баа жеткис мурас калтырып кеткен