Алдамчылардын колунан өткөн машиналар уурдалган, кузовунун же кыймылдаткачынын номери өзгөртүлгөн жана юридикалык чектөөлөрү менен болушу мүмкүн.
Ошондуктан унаа сатып алууда төмөнкүлөрдү эске алуу сунушталат:
Сатуучунун өздүгүн ырастаган документин көрүп, автоунаанын ээси экенин далилдөө;
Унааны каттоодон чыгаруу үчүн сатуучу менен бирге Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына барып юридикалык жактан таза экенин текшертүү. Эгер унаа ээси текшерүүдөн баш тартса, шек жаралат.Ал эми такси кызматтарында иштеген кыргызстандыктар бөлүп төлөө шарты менен унааны сатып алышары айтылат. Анда дагы келишимде жазылган пунктулардын баарын маани берип дыкат окуп чыгуу шарт. Себеби шалаакы мамиленин айынан алданып калышы толук ыктымал. Эгер орус тилинде жазылган келишимдин маанисин түшүнүү оорчулук жаратса, котормочу, юристтерге кайрылуу сунушталат.
Ошондой эле рулга отурар алдында юридикалык чектөөлөрүн жана айып пулдарын текшертип алуу зарыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукту. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Матвиенко Жапаровдун алгачкы иш сапарынын Россияга жасалышы өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин тастыктаарын белгилеп, бул кыргыз-орус мамилелеринин бардык чөйрөсүнө жаңы дем берип, стимул болоруна бекем ишенерин билдирди.
"Эки өлкө элин жалпы тарых байланыштырып турат. Санкт-Петербургдун депутаты катары Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында миңдеген ленинграддык блокадачылар Кыргызстандын аймагына эвакуацияланганын, алардын арасында балдар да келип, Ысык-Көлдүн жээгинде "жаңы коломтого" баш калкалаганын эске салгым келет. Жаш муундар эки өлкөнүн жалпы тарыхын унутпашы керек", — деди Матвиенко.Өз кезегинде Жапаров Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы жетишилген жогорку деңгээлдеги парламенттер аралык байланыштарды канааттануу менен белгиледи.
Ошону менен бирге мамлекет башчы бүгүнкү сүйлөшүүлөр жана жетишилген келишимдер эки тараптуу кызматташуунун пайдубалын бекемдөөгө жана кыргыз-орус мамилелери менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним артты.
Володин бүгүнкү жолугушуу эки өлкөнүн мамилелеринин жаңы барактарын ачууга өбөлгө болоруна ишеним артты.
"Сиздин келишиңиз жана бүгүнкү жолугушуу өнүгүүнүн жаңы бийиктиктерине чыгууга, анын ичинде парламенттер аралык мамилелерди арттырат деген ниеттемин. Биз парламенттик кызматташуунун алкагындагы маселелерди талкуулап, сүйлөшөбүз", — деди Мамдума спикери.
Ошондой эле ал Садыр Жапаровду президент болуп шайланышы менен куттуктады.
"Биздин байкоочулар шайлоодо атаандаштык, ачыктык жана легитимдүүлүк жогорку деңгээлде болду деген пикирге келишти. Кыргызстандагы шайлоо АКШга караганда ачык өттү. Кошмо Штаттары ар дайым алардан үйрөнүү керектигин айтып келген, эми өздөрү сиздерден үйрөнүшү керек. АКШга караганда Кыргызстандагы шайлоого ишенсе болот", — деди Володин.
Ал эми Жапаров жаңы чакырыктар менен коркунучтарга, анын ичинде вирус коркунучуна, ошондой эле эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүүдө жана коопсуздукту камсыз кылууда эки өлкөнүн парламенттеринин күч-аракетин бириктирүү маанилүү экенин белгиледи.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги "Спутник V" вакцинасынын сатыктагы баасын каттагандыгын РИА Новости жазды.
Мурда ал 1942 рубль (2196 сом) турса, учурда кошумча нарк салыгын кошпогондо эки компонент 866,81 рубль (980.36 сом) болуп калды.
Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров бул арзандоо препаратты жасап чыгаруудагы өнөр жай технологиясынын оптимизациялангандыгынан жана өндүрүү көлөмүнүн көбөйгөндүгүнөн улам болгонун айтты.
"Негизи вакцина чыгаруу жергиликтүү фармацевттик өндүрүш компаниясына берилген мамлекеттин социалдык буюртмасы. Катталган баа эмдөө боюнча россиялык мамлекеттик масштабдуу программадагы вакцинага гана колдонула тургандыгын эскерте кетмечибиз", — деп кошумчалады ал.
Премьер-министр Михаил Мишустин буга чейин вакциналардын баасы өтө кымбаттап кетпешин көзөмөлдөп туруу зарылдыгын эскерткен. Министрлер кабинетинин жетекчиси башкы максат арбын киреше алуу эмес, элге жардам берүү экендигин айткан.
Россиядан сырткары вакцинаны Беларуста, Аргентинада, Боливияда, Сербияда, Алжирде, Палестинада, Венесуэлада, Парагвайда, Түркмөнстанда, Венгрияда, Бириккен Араб Эмирлигинде, Иранда, Гвинеяда, Тунисте, Арменияда, Мексикада, Никарагуада, Ливанда, Мьянма, Пакистанда, Монголияда, Бахрейнде, Черногорияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Сан-Маринодо, Гондураста жана Египетте колдошту.