Шыктандырат! Балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү чакан бизнес ачканда. Видео

Жазылуу
Пандемия учурунда Чүй облусундагы Новопокровка айылында "Наша грядка" дүкөнү иштей баштаган. Аны балдар үйүндө тарбияланган жаштар ачкан. Идеяны интернеттен алып, баштан аяк өздөрү кооздоп чыгышкан.
Дүкөндүн ачылганына аз убакыт болгонуна карабай, кардарларды өзүнө тарта алган бул соода жайы башкалардан көрүнүшү, баасынын арзандыгы жана андагы көздөрү үмүткө толгон балдары менен айырмаланып турат.
Дүкөндү ачууга "Наш голос" бейөкмөт уюму жардам берген. Учурда балдар жер-жемиштерди базардан алып келишсе, жайында өздөрү өстүрүп, сатууга алып чыгышат.
КР маданиятынын мыкты кызматкери, социалдык коргоонун отличниги, көптөгөн диплом, грамота, төш белгилердин ээси Назгүл Насиева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Назгүл Насиева: балдар үйүндөгү бөбөктөрдүн кечинде жатканда ыйлаганы жүрөк тилет
Дүкөндөн иштеп тапкан каражат алардын жашаган жерине, тамак-ашына, кийим-кечесине жана окуусуна жумшалат. Балдар бул жумуштан башка кол өнөрчүлүк, устачылык жана сүрөтчүлүк менен алектенишет.
Балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү учурда 9-11-класстын окуучулары. Алардын ар биринин жакшы окуп, сүйгөн кесиби менен алектенүү максаты бар. Буга чейин алар окуудан башка эч нерсе менен алектенишкен эмес.
Жумагүл Разыкова жогорку окуу жайга тапшырып, дарыгер кесибине ээ болууну кыялданып жаткандыгын айтты.
"Дүкөндү ачкандан бери көп нерсе үйрөнүп калдык. Жакын арада тамак-аш жасап сатууну пландап жатабыз. Учурда тапкан акчамды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдаган курска сарптап жатам. Буюрса, келечекте дарыгер болом", — деди Разыкова.
Көп жылдардан бери балдарга жардам берип келе жаткан "Наш голос" фондунун адиси Канат Жолочиев алдыга коюлган максаттары менен бөлүштү.
Заселение многодетной семьи из Новосибирска в новую квартиру - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2020
Беляев: балдар үйүнөн чыккандар батир алыш үчүн өмүр бою кезекте турат
"Азыр балдар жашап жаткан үй ижарага алынган. Учурдагы эң башкы максатыбыз — бир жыл ичинде жаңы үй салууга каражат топтоо. Ал үчүн жер тилкесин да сатып алганбыз. Буюрса, балдар ал жерде жашылча-жемиш өстүрүп, сатууга алып чыгышат. Андан башка да пландарыбыз көп", — деди Жолочиев.
Биз барганда балдардын жашаган үйү таптаза, анан дагы тамак жасалып жатыптыр. Алардын айтымында, үй-бүлөдө ар биринин өз милдети бар, бири тамак жасаса, экинчиси от жагат. Дагы бири азыноолак малын карайт. Ал эми үйдү кезек менен жыйнашат. Дүкөндү сабагынан бош болгондор карашат.
Жаңылыктар түрмөгү
0