УКМКдан билдиришкендей, кадрдан Үкүбаевдин иш бөлмөсүндө пара алып жатканын көрүүгө болот. Андан соң УКМКнын өкүлдөрү кирип келген. Шектүү аларга шкафтагы акчаны алып чыгып берген. Андан соң анын колуна кишен салынып, УКМКнын имаратына алып кетишкен.
Ал алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүн кызматтан алам деген коркутуу менен эмгек акысынын бир бөлүгүн ага өткөрүп берүүсүн талап кылганы айтылууда.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукту. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Матвиенко Жапаровдун алгачкы иш сапарынын Россияга жасалышы өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин тастыктаарын белгилеп, бул кыргыз-орус мамилелеринин бардык чөйрөсүнө жаңы дем берип, стимул болоруна бекем ишенерин билдирди.
"Эки өлкө элин жалпы тарых байланыштырып турат. Санкт-Петербургдун депутаты катары Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында миңдеген ленинграддык блокадачылар Кыргызстандын аймагына эвакуацияланганын, алардын арасында балдар да келип, Ысык-Көлдүн жээгинде "жаңы коломтого" баш калкалаганын эске салгым келет. Жаш муундар эки өлкөнүн жалпы тарыхын унутпашы керек", — деди Матвиенко.Өз кезегинде Жапаров Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы жетишилген жогорку деңгээлдеги парламенттер аралык байланыштарды канааттануу менен белгиледи.
Ошону менен бирге мамлекет башчы бүгүнкү сүйлөшүүлөр жана жетишилген келишимдер эки тараптуу кызматташуунун пайдубалын бекемдөөгө жана кыргыз-орус мамилелери менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним артты.
Володин бүгүнкү жолугушуу эки өлкөнүн мамилелеринин жаңы барактарын ачууга өбөлгө болоруна ишеним артты.
"Сиздин келишиңиз жана бүгүнкү жолугушуу өнүгүүнүн жаңы бийиктиктерине чыгууга, анын ичинде парламенттер аралык мамилелерди арттырат деген ниеттемин. Биз парламенттик кызматташуунун алкагындагы маселелерди талкуулап, сүйлөшөбүз", — деди Мамдума спикери.
Ошондой эле ал Садыр Жапаровду президент болуп шайланышы менен куттуктады.
"Биздин байкоочулар шайлоодо атаандаштык, ачыктык жана легитимдүүлүк жогорку деңгээлде болду деген пикирге келишти. Кыргызстандагы шайлоо АКШга караганда ачык өттү. Кошмо Штаттары ар дайым алардан үйрөнүү керектигин айтып келген, эми өздөрү сиздерден үйрөнүшү керек. АКШга караганда Кыргызстандагы шайлоого ишенсе болот", — деди Володин.
Ал эми Жапаров жаңы чакырыктар менен коркунучтарга, анын ичинде вирус коркунучуна, ошондой эле эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүүдө жана коопсуздукту камсыз кылууда эки өлкөнүн парламенттеринин күч-аракетин бириктирүү маанилүү экенин белгиледи.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Узаган жылы 2019-жылга салыштырмалуу Кыргызстандан мал сатып алуу бир нечеге өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Бодо мал менен майда жандыктар (кой, эчки) коңшу мамлекеттер Өзбекстанга жана Тажикстанга экспорттолгон.
2020-жылы 10,9 миң бодо мал сатылган, андан мурдагы жылы болсо 1,3 миң гана ири мүйүздүү мал экспорттолгон.
Өткөн жылы 36 339 кой жана эчки сатылган, ал эми 2019-жылы болгону 5 075 жандык экспорттолгон. Бардыгын Өзбекстан алып кеткен.
Малды сатууга тыюу салуу
Белгилей кетсек, бийлик былтыр ноябрда Казакстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда Кыргызстандан мал сатып алууга суроо-талап күч болгондуктан жарым жылга экспорттоого тыюу салган. https://sputnik.kg/society/20201120/1050500115/ajyl-charba-produkciya-tyyuu-saluu.html Буга алып сатарлар убакыттан пайдаланып бааны көтөрүп жибергени да себеп болгон. Бирок ошол кездеги айыл чарба министри Тилек Токтогазиев Кыргызстандан чет өлкөгө тирүү малды чыгарууга тыюу салынганына карабай күнүнө жүздөп, миңдеп өткөрүп кетип жатканын айтып чыккан. https://sputnik.kg/economy/20201226/1050906919/mal-kontrabanda-tilek-toktogaziev.html