Sputnik Кыргызстандын жомогунда көрүнбөгөн кара күч менен күрөшкөн эл баатырларына адилетсиз мамиле жасалып, сотко сүйрөгөнү тууралуу айтылат. Аларга "кара булут каптаган маалда кылычын кындан сууруп чыгып кан-жанын аябай күрөшпөй койдуң" деген айып тагылат.
Мультфильмдин аягында баатырлардын эрдигин кыпынча көрбөгөн падышачылыктын кайра алардын жардамына муктаж болуп калганы чагылдырылат.
Бирок баатырлар мамлекетти куткарууга кайра кылычын көтөрүп чыгабы же жокпу, белгисиз...
Володин бүгүнкү жолугушуу эки өлкөнүн мамилелеринин жаңы барактарын ачууга өбөлгө болоруна ишеним артты.
"Сиздин келишиңиз жана бүгүнкү жолугушуу өнүгүүнүн жаңы бийиктиктерине чыгууга, анын ичинде парламенттер аралык мамилелерди арттырат деген ниеттемин. Биз парламенттик кызматташуунун алкагындагы маселелерди талкуулап, сүйлөшөбүз", — деди Мамдума спикери.
Ошондой эле ал Садыр Жапаровду президент болуп шайланышы менен куттуктады.
"Биздин байкоочулар шайлоодо атаандаштык, ачыктык жана легитимдүүлүк жогорку деңгээлде болду деген пикирге келишти. Кыргызстандагы шайлоо АКШга караганда ачык өттү. Кошмо Штаттары ар дайым алардан үйрөнүү керектигин айтып келген, эми өздөрү сиздерден үйрөнүшү керек. АКШга караганда Кыргызстандагы шайлоого ишенсе болот", — деди Володин.
Ал эми Жапаров жаңы чакырыктар менен коркунучтарга, анын ичинде вирус коркунучуна, ошондой эле эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүүдө жана коопсуздукту камсыз кылууда эки өлкөнүн парламенттеринин күч-аракетин бириктирүү маанилүү экенин белгиледи.
Окуя ACA Young Еagles Гран-при мелдешинин жарым жеңил салмагынын 8/1 финалында болгон. Беттеште кыргызстандык мушкер толук үстөмдүк көрсөткөн. Кармаштын аягында калыстардын бир добуштан чыгарган чечимине ылайык, Шадид Абдуразаков жеңүүчү деп жарыяланган.
Өзүнүн пайдасына чыккан чечимге чечен мушкери макул эместигин билдирген. Ал беттештин калысы колун көтөрүүгө аракет кылып жатканда колун артка тартып кеткен. Абдуразаков муну менен эле чектелбей, чыныгы жеңүүчү атаандашы экенин колу менен көрсөткөн. Анын мындай кадамы ММА чөйрөсүндө өзгөчө алкоого алынып, социалдык тармактарда күйөрмандардын ыраазычылыгын жараткан. Видеолорго "чечен мушкеринин татыктуу кадамы!", "Чечен спортчусуна урмат-сый!", "Чыныгы эркек!" деген көптөгөн комментарийлер айтылган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Мелдештин жүрүшүн алып барган комментаторлор да кыргыз мушкери толук артыкчылык кылганын белгилешип, жеңүүчү расмий жарыялана электе эле аны куттукташкан.
Деген менен уюштуруучулар чечимин өзгөртүп, кыргызстандык мушкер Адилет Нурматовду жеңүүчү деп атады.
Нурматов промоушендин Гран-при мелдешинин чейрек финалына чыкты. Кийинки этаптагы таймаштар качан болору азырынча айтыла элек.