Финполчуларды көрүп акчаны ыргытып жиберген. Пара менен кармалган тергөөчү. Видео

Жазылуу
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (Финпол) жана Бишкек ШИИБдин тышкы чалгындоо кызматы тарабынан Ленин РИИБдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү.
Финполдун маалымат кызматы билдиргендей, аталган органга А.К. аттуу адам кайрылып, Ленин РИИБдин тергөөчүсү ишти оң жагына бүтүрүп берүү үчүн акча талап кылып жатканын айтып, арыз калтырган.
Колун кайрып, акчасын алып... Баткенде иштеген бажычыны кармаган видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2021
Колун кайрып, акчасын алып... Баткенде иштеген бажычыны кармаган видео
Видеодон тергөөчүнүн 1000 сомдук акчаны санап жатканын көрүүгө болот. Бирок колго түшөрдө акчаны жерге ыргытып жиберген.
Биринчи май райондук соту кармалган адамдын баш коргоо чарасын тандап, №1 тергөө абагына эки айга камады.
Учурда тергөө иштери уланып жатканы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0