Москва эстониялыктардын чакырыгын акылга сыйгыс деп атап, "кадимки эле агрессиялык саясат" экендигин эскертти. Брюсселде антироссиялык жаңы санкциялар туурасында Жозеп Боррелдин Россияга сапарынан кийин айта башташты.
Ал эми Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков өз кезегинде Батыш чектөөлөр боюнча маселеге "маниакалдуу көшөргөндүк" менен мамиле жасап жаткандыгын билдирди. Бул сапар тирешүү эмнеге алып келерин биздин видеодон көрсөңүз болот.
Депутат Рыскелди Момбеков демилгечи катары документке 1-мартта кол койду делген депутаттардын арасында 28-февралда көз жумган Алмасбек Акматов, тергөө абагында отурган Кубанычбек Жумалиев дагы бар экенине таң калды.
"Долбоор 1-мартта киргизилиптир. Урматтуу төрага, айтып коюңузчу, Алмасбек Акматов кечээ эле жерге берилди го, өлүп калган кишини кантип кол койдурдуңар. Кубанычбек Жумалиев түрмөдө отурат, ал кантип кол койду? Анан демилгечи 80 депутат болушу керек, бул жерде автор катары 60 гана депутат турат", — деди Момбеков.
Андан соң төрага Талант Мамытов юридикалык жол-жобосу бар экенин айтып, бирок аларды тактаган жок.
Өткөн жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Парламентарийлердин демилгеси коомчулуктун катуу сынына кабылды. Айрымдары автору экенин четке каккан.
Ал эми 17-февралда жаңы долбоорду демилгечи делген 80 депутат жана Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү талкуулаган. Ал эми кечээ, 2-мартта, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет долбоорду карап, жактырып берди.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкектеги кардиологиялык жеке клиникалардын биринин башкы дарыгери Дамир Осмонов Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун саламаттыгы боюнча маалымат берди.
"Бейтаптын кан басымы кооптуу чекке жеткен абалда келди. Азыр дагы улам өзгөрүп жатат. Абалы туруктуу эмес. Чукул арада ден соолугун текшерүү керек, биринчи кезекте коронарографиядан жана бөйрөк артериясы боюнча текшерүүдөн өткөрүү зарыл. Анын абалы толук турукташканча медициналык көзөмөлдө болот", — деди Осмонов.
Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары буга чейин артериялык кан басымы жогорулап жатканын айтып даттанган.
Эскерте кетсек, Матраимов экинчи ирет 18-февралда кармалып, эки күндөн кийин Биринчи май райондук соту эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.