Досоновго мыйзамсыз кирешелерин адалдаштырган деп жаңы кылмыш иши козголду. УКМКнын маалыматына караганда, Досонов мурда бир нече жолу соттолгон жана эч жерде иштебейт, анын ичинде бизнеси дагы жок.
Атайын кызматтын тараткан видеосунан "Дженгонун" хан сарайын жана башка кыймылсыз мүлкүн көрүүгө болот.
"Досоновдун жакын туугандарына жана ага байланыштуу башка адамдарга катталган ар кандай класстагы 19 автоунаа, 15 турак жай жана 35 жер тилкеси сыяктуу көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээлик кылганы аныкталды. Ошондой эле бир катар курулуш компанияларын да каржылап келгени белгилүү болду", — дешти УКМКдан.
Кримтөбөлгө карата КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүмү ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)" боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Учурда УКМК тарабынан анын акча каражатынын жана мүлкүнүн келип чыгуу булактарын аныктоо жана тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатканы белгиленди. Тергөө жүрүп жатат.Эске сала кетсек, кылмыш дүйнөсүнүн көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Кадырбек Досонов 12-февраль күнү эки айга камакка алынган. Ага өткөн жылдын ноябрь айында оор кылмышка шектүү деп издөө жарыяланган. Кандай кылмыш экени айтылган эмес.
Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.
Депутат Рыскелди Момбеков демилгечи катары документке 1-мартта кол койду делген депутаттардын арасында 28-февралда көз жумган Алмасбек Акматов, тергөө абагында отурган Кубанычбек Жумалиев дагы бар экенине таң калды.
"Долбоор 1-мартта киргизилиптир. Урматтуу төрага, айтып коюңузчу, Алмасбек Акматов кечээ эле жерге берилди го, өлүп калган кишини кантип кол койдурдуңар. Кубанычбек Жумалиев түрмөдө отурат, ал кантип кол койду? Анан демилгечи 80 депутат болушу керек, бул жерде автор катары 60 гана депутат турат", — деди Момбеков.
Андан соң төрага Талант Мамытов юридикалык жол-жобосу бар экенин айтып, бирок аларды тактаган жок.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.