АКШнын Атлантик-Сити шаарындагы экс-президент Дональд Трампка таандык 39 кабаттуу казино жана Trump Plaza мейманканасы атайын жардырылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Окуянын видеосу жергиликтүү маалымат порталдын Youtube каналына жарыяланган.
Жергиликтүү басылма шаардагы белгилүү имараттын кыйраганын көрүү үчүн көптөгөн тургундар чогулганын жазган.
Бул имарат 1984-жылы курулуп, шаардагы белгилүү казинолордун бири болчу. Бирок 2014-жылы ишин токтоткон, буга байланышту көптөгөн адамдар жумушсуз да калганы айтылды. Казино 2016-жылы ага ээлик кылуучу Trump Entertainment Resorts компаниясынан Icahn Enterprises компаниясына өткөн.Атлантика шаарынын мэри Марти Смолл өзүнүн администрациясына 2020-жылы ошол маалда имараттын дубалдары урай баштагандыктан аны бузууга буйрук бергени кабарланды.
Биздин кадрга түшкөн 10 депутаттын ичинен эң эле кымбат саат Марлен Маматалиевдики деп атоого болот. Андай сааттардын баасы интернет дүкөнүндө 2,2 миллион сом деп жазылган. Андан кийинки сапта Аккулу Бердиев менен жакында эле депутаттык мандатын тапшырып кеткен Искендер Гайпкулов турат. Ал эми эң арзаны Асел Кодурановага таандык. Аныкына окшогон сааттарды 10 300 сомго сатып алса болот.
Анын айтымында, буга кеткен каражат дагы бюджеттен алынбай, депутаттар өз чөнтөгүнөн чыгарган.
Октябрь айындагы башаламандык учурунда талкаланган ЖКнын имаратын оңдоп-түзөөгө эл өкүлдөрү айлык акысынан 9 миллион сом которушкан. Андан кийин дагы чогултуп, парламенттин аппаратынын ишин камсыздоо үчүн керектелүүчү техника сатып алышкан.
"2010-жылы Ак үйдү оңдоп-түзөө иштерине 120 миллион, техникалык жабдууга жана эмеректерге 180 миллион сом жумшалган. Жалпы 300 миллион коротулуп жатат. Бул каражаттын бардыгы мамлекеттин эсебинен алынган. Ал эми октябрь окуясында талкаланган имаратты калыбына келтирүү үчүн 19 миллион сомдон ашуун гана каражат кетти. Кээ бир депутаттарга чоң кабинеттерди берип, "сиздин мүмкүнчүлүгүңүз бар, өзүңүз отуруп оңдоп алыңыз" дедик", — деди Мамытов.
Төрага мындан сырткары дагы техника алуу үчүн 10 миллион сомдой керектелерин айтып, ал бюджеттен бөлүнүшү мүмкүндүгүн белгиледи.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп бере турган ишеним телефон номерлерин жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
"Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү" жарлыгын аткаруу максатында ишеним телефону иштеп баштады", — деп айтылат маалыматта.
Эми ишкерлер күнү-түнү (0312) 88-90-33 номерине чала алышат.
Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин, чакан бизнестин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду.