Осьминог менен мурендин айыгышкан кармашы. Видео

Жазылуу
Австралиялык дайвер Крис Крейс осьминог менен мурендин айыгышкан кармашына күбө болгон. Окуя өткөн жумада Бэр аралынын Жаңы Түштүк Уэльс штатында болгон.
Видеонун автору жубайы жана баласы менен чогуу океандын түбүндө сүзүп жүргөн кезде абдан көп осьминог көргөнүн айткан.
"Осьминогдун бири адамдарды байкап жашынып калган. Бирок аны мурен күтүп туруптур. Жырткыч шыр эле кол салды", — деди дайвер.
Кадрдан осьминог жырткычтан кутулууга аракет жасаганы менен бир колунан айрылганын көрүүгө болот. Суу жаныбарлары бир нече секунд кармашып, акыры экөө тең эки жакка сүзүп кеткен.
"Осьминог жаракат алганы менен тирүү калды. Мен 30 жылдан бери дайвинг менен алектенем, бирок мындайды көрө элек болчумун", — деди Крейс.
Ал ошондой эле осьминогдордун колу кайра өсүп каларын кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0