RT окуя Сан-Луис муниципалитетиндеги Сан-Рафаэль шаарында болгондугун билдирди.
Жаныбарды мүйүзүнө байлаган жип менен эшиктен чуркап кирип келгендер тарткылап, андан соң уйдун тайгаланып, бирок ошентсе да жаалы кайтпай, бурчтагыларга кайра жөнөгөн.
Эркек кишилер улам качып чыгып, кайра кирип жатып, акыры уйду эшикке алып чыгышкан. Жаныбар көчөгө чыккан соң да ал жерде тургандарды кууп жөнөгөндүгү акыркы кадрларга түшүп калган.
Бактыга жараша, уйдун "каарына калган" аял жеңил жаракат менен кутулган. Маалыматта медиктердин ага жардам көрсөткөндүгү айтылат.
Анда Россия президенти COVID-19га байланыштуу чектөөлөр жана татаалдыктарга карабай Жапаров менен көзмө-көз көрүшкөндүгүнө кубангандыгын билдирди.
Кыргызстан президентинин маалымат кызматы Садыр Жапаров менен Россия лидери Владимир Путиндин жолуккан видеосун таратты.
Мамлекет башчылар эки тараптуу кызматташуунун маанилүү деген багыттарын, бардык маселелер боюнча биргелешкен өз ара иш алып баруунун келечегин талкуулашкан.
Мындан башка себептер менен кайра-кайра добуш берүүгө аргасыз болушту. Жаңы ноутбуктар коюлары менен бирөөнүн ордуна добуш берүү ыкмасы кайра жанданды. Кээ бир парламентарийлер үч-төрт кесиптеши үчүн добуш бергенин көрүүгө болот. Ал эми ортодо турган Урмат Самаев тогуз депутаттын ордуна кнопка басып жатты. Бул учурду Sputnik Кыргызстандын кабарчысы видеого тартып алган.
Октябрь айындагы башаламандыктан Жогорку Кеңештин имараты талкаланып, жыйындар залындагы техникалар таланып-тонолгон. Кайра ноутбук сатып алынып, өткөн жумада электрондук түрдө добуш берүү системасы кошулган.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан Жайыл, Токтогул райондорундагы жана Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун Талды-Булак айылындагы посттор 25-февраль таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул премьер-министрдин буйругунун негизинде болгон.
"Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу болгондуктан Жайыл районунун Сосновка, Токтогул районунун Арал постторунда жана Суусамыр — Талас — Тараз жолунун Талды-Булак айылындагы постунда автоунаалардын бардык түрүнө таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу чектөө киргизилди", — деп кабарлаган ӨКМ.
Эске салсак, Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшкөндүктөн учурда жол жабылган.