Perseverance автономдук тартипте иштеп, үч мүнөттөн кийин аппарат планетанын үстүңкү катмарынан тартылган ак-кара түстөгү сүрөттөрдү жибере баштаган.
NASA жүргүзгөн иликтөө миссиясына Марста жашоо барбы деген суроого жооп издеп, баа берүү кирген. Perseverance Жерге алып келген топурак ар тараптуу изилдөөгө алынмакчы.
Ал эми интернетке тараган видеодон Кызыл планетага Perseverance аппаратынын зыянга учурабай жетип конгонун көргөн NASA кызматкерлери кубанып, бирин-бирин куттуктап жаткандыгын көрүүгө болот.
Бул факт Жазык кодексинин 211-беренеси ("Мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Маалыматка караганда, 25-февралда Бишкек шаарынын Донский тар көчөсүндөгү цехте санитардык эрежелерди одоно бузуп, "омега 3-6-9", "гүл уну", "зире майы", "зайтун майы" жана башка биологиялык активдүү кошулмаларды колдо жасап жатышкан. Анын башкы уюштуруучулары А. жана С. аттуу чет элдик жаран экени аныкталган.
Финпол контрафакттык продукцияларды жасалма же мыйзамсыз түрдө жасап жаткандарды, ошондой эле экономикалык кылмыштарды көргөн жарандар болсо 1955 номери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукту. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Матвиенко Жапаровдун алгачкы иш сапарынын Россияга жасалышы өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин тастыктаарын белгилеп, бул кыргыз-орус мамилелеринин бардык чөйрөсүнө жаңы дем берип, стимул болоруна бекем ишенерин билдирди.
"Эки өлкө элин жалпы тарых байланыштырып турат. Санкт-Петербургдун депутаты катары Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында миңдеген ленинграддык блокадачылар Кыргызстандын аймагына эвакуацияланганын, алардын арасында балдар да келип, Ысык-Көлдүн жээгинде "жаңы коломтого" баш калкалаганын эске салгым келет. Жаш муундар эки өлкөнүн жалпы тарыхын унутпашы керек", — деди Матвиенко.Өз кезегинде Жапаров Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы жетишилген жогорку деңгээлдеги парламенттер аралык байланыштарды канааттануу менен белгиледи.
Ошону менен бирге мамлекет башчы бүгүнкү сүйлөшүүлөр жана жетишилген келишимдер эки тараптуу кызматташуунун пайдубалын бекемдөөгө жана кыргыз-орус мамилелери менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним артты.