Трибунага бет кабын унутуп алдастаган Меркелдин видеосу 3 млн. ирет көрүлдү

499
(жаңыланган 18:01 19.02.2021)
Социалдык тармактарда бет кабын трибунага унутуп кетип калган Германиянын канцлери Ангела Меркелдин реакциясы кызуу талкууланууда.

Кадрдан көрүнүп тургандай, Меркель жыйындардын биринде сөз сүйлөп бүтүп, кайра ордуна келип отурган. Ошол маалда ал бет кабын эстеп кетип ыргып тура калган. Канцлер трибунага жетип барып жеке коргонуучу каражатын алып келген. Бул учурда тейлөө кызматкери трибунанын үстүн сүртүп жаткан. Канцлер сөз сүйлөө үчүн чыкканда бет кабын чечкен болчу.

Видеонун бул фрагментин алгач @GotfrydKarol аттуу интернет колдонуучу Twitter баракчасына жүктөгөн. Роликти кыска убакытта эле 3 миллиондон ашуун адам көргөн.

499
Белгилер:
Германия, трибуна, ролик, бет кап, Ангела Меркель
Тема боюнча
Германияда министр коронавирустан коркуп Меркель менен кол алышпай койду. Видео
Меркель денесин калтырак басканда эмне деп күбүрөнгөн? Эксперттин аныктамасы

Баасы 2 млн. сомду чапчыйт. Депутаттардын колундагы кымбат сааттардын видеосу

209
(жаңыланган 20:42 26.02.2021)
Жогорку Кеңештин депутаттары кандай саат тагынарына кызыгып жаткан болсоңуз, ушул видеодон тааныша аласыз. Sputnik Кыргызстан эл өкүлдөрүн сүрөткө тартып, алардыкына окшош сааттардын баасын билип көрдү.

Биздин кадрга түшкөн 10 депутаттын ичинен эң эле кымбат саат Марлен Маматалиевдики деп атоого болот. Андай сааттардын баасы интернет дүкөнүндө 2,2 миллион сом деп жазылган. Андан кийинки сапта Аккулу Бердиев менен жакында эле депутаттык мандатын тапшырып кеткен Искендер Гайпкулов турат. Ал эми эң арзаны Асел Кодурановага таандык. Аныкына окшогон сааттарды 10 300 сомго сатып алса болот.

209
Белгилер:
кымбат, баа, саат, депутат, Жогорку Кеңеш
Тема боюнча
Сатса бир үй келет. Депутаттар тагынган сааттын баасы жана сүрөттөрү
4 млн. сомдук зер буюм. Баалуу металл сактаган депутаттардын тизмеси
Депутаттар кандай унаа айдайт? 120 миң долларга жеткен жиптердин видеосу

Спикер Мамытов: Ак үйдү 19 млн. сом менен оңдодук, мурда 300 млн. кеткен. Видео

68
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде Ак үйдү калыбына келтирүүгө 19 миллион сом гана коротулганын билдирди.

Анын айтымында, буга кеткен каражат дагы бюджеттен алынбай, депутаттар өз чөнтөгүнөн чыгарган.

Октябрь айындагы башаламандык учурунда талкаланган ЖКнын имаратын оңдоп-түзөөгө эл өкүлдөрү айлык акысынан 9 миллион сом которушкан. Андан кийин дагы чогултуп, парламенттин аппаратынын ишин камсыздоо үчүн керектелүүчү техника сатып алышкан.

"2010-жылы Ак үйдү оңдоп-түзөө иштерине 120 миллион, техникалык жабдууга жана эмеректерге 180 миллион сом жумшалган. Жалпы 300 миллион коротулуп жатат. Бул каражаттын бардыгы мамлекеттин эсебинен алынган. Ал эми октябрь окуясында талкаланган имаратты калыбына келтирүү үчүн 19 миллион сомдон ашуун гана каражат кетти. Кээ бир депутаттарга чоң кабинеттерди берип, "сиздин мүмкүнчүлүгүңүз бар, өзүңүз отуруп оңдоп алыңыз" дедик", — деди Мамытов.

Төрага мындан сырткары дагы техника алуу үчүн 10 миллион сомдой керектелерин айтып, ал бюджеттен бөлүнүшү мүмкүндүгүн белгиледи.

68
Белгилер:
Талант Мамытов, каражат, оңдоо, Ак үй, Жогорку Кеңеш
Тема боюнча
Чуркап, жаңылып, кайра-кайра добуш берген депутаттар. Парламент жыйынынан видео
Талкаланган Ак үйдүн чыгымдарын эсептөө үчүн комиссия түзүлдү
Рысалиев 3 партия жаңы Ак үй салып берсин десе, депутаттар каткырышты. Видео
Башкы прокуратуранын имараты. Архив

Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп берген ишеним номерлерин жарыялады

0
(жаңыланган 22:35 26.02.2021)
Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп бере турган ишеним телефон номерлерин жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

"Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү" жарлыгын аткаруу максатында ишеним телефону иштеп баштады", — деп айтылат маалыматта.

Эми ишкерлер күнү-түнү (0312) 88-90-33 номерине чала алышат.

Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин, чакан бизнестин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду. 

0
Белгилер:
текшерүү, ишкердик, ишеним телефону, Башкы прокуратура, Кыргызстан
Тема боюнча
Дарыканаларды текшерүүгө мораторий жоюлат. Мыйзам долбоору даярдалууда