Топ-топ болуп кырдан-кырга, аскадан-аскага чыгып жүргөн кийиктер сырттан караган кишини суктандырбай койбойт. Бул видеонун автору — аталган коруктун башкы егери Өмүрбек Курманалиев.
Сары-Чат — Ээр-Таш мамлекеттик жаратылыш коругу Ысык-Көл аймагында Ак-Шыйрак тоосу тарапта жайгашкан.
Ал эми канаттуулардан тарта сойлоп жүрүүчүлөргө чейинкилерин эсепке алсак, жаныбарлардын 70тен ашык түрү бар. Алар бүркүт, жорунун түрлөрү, суур, кашкулак, илбирс, аюу, карышкыр, түлкү, чөө, кийиктер ж.б.
"Коруктун жалпы аянты 150 миң гектарга жакын болгондуктан баарын караганга мүмкүн эмес, бирок кээ бирлери туулгандан тарта телчиккенге чейин көз алдыңда чоңоет. Албетте, кийиктер адамдардан чочуйт, алардын жыт сезүүсү абдан мыкты өнүккөндүктөн чоочундардын жытын алыстан сезет. Жамандык кылбай турган кишилерди сезет. Кээ күндөрү эртең менен туруп карасаң, кордондун короолоруна чейин келип, түптөрүнө сүйкөнүп жүргөндөрүн көрүүгө болот. Буларды атканга кандай адамдардын колу барат, билбейм", — деди Курманалиев.
Кыргызстандык бала бир мүнөттүн ичинде теннис столунун үстүндө нунчак менен 49 ирет топту тосуп кайра урган. Рекорддун видеосу Interrecord эл аралык агенттигинин YouTube-каналына жарыяланды.
Interrecord — рекорддорду каттоого алган эл аралык агенттик. Алар 10 жаштагы кыргыз баланын рекордун расмий түрдө каттоого алган. Бул боюнча сертификатты Ташмаматовго агенттиктин директору Влад Капыло тапшырган.
"Я почти знаменит" долбоору Биринчи каналда (Россия) жыл жаңырганда башталган. Анда катышуучулар телекөрүүчүлөргө элде жок өнөрлөрүн көрсөтөт. Ар бирине мүмкүнчүлүк берилип, аларды үч адамдан турган калыстар тобу баалайт.
Ар бир тандоо турунда 11 катышуучу финалга чыгуу үчүн таймашат. Программанын баш байгеси — үч миллион рубль.
Белгилей кетсек, Брюс Лини туурап, анын ыкмаларын жасаган кыргызстандык бала буга чейин Биринчи каналдын "Лучше всех" долбооруна да катышкан.
Жолдоштук беттеш Түркиянын Белек аймагындагы машыгуу базасында өткөн.
Калыстар оюнду токтотууга аргасыз болушкан. Эсеп 1:1 болчу.
Кийинчерээк "Окжетпес" клубу бул ички чемпионатка карата даярдык иретинде өткөрүлгөн беттеш экенин билдирген.
"Матч бейрасмий экенине карабай орой жана кооптуу өттү. Мындай оюндан кийин жаракат алган оюнчу футболго жараксыз болуп калышы да толук мүмкүн. Беттеш токтотулуп, командалар тарап кетти", — деген казакстандык команда.
Өз кезегинде "Верестин" башкы машыктыруучусу Юрий Вирт мындай чырдын чыкканына казакстандыктардын ашкере орой ойногону себеп болгонун айтты.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Шейшембиде күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +10…+15, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +11…+16, Ысык-Көл жергесинде +4…+9, Нарын өрөөнүндө -1…+4 градус болору айтылды.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо +13…+15, Ош шаарында +14…+16 градус болот.