Эсинен тандыра уруп... UFC мелдешинен алынган бир нече учурдун видеосу

2742
(жаңыланган 13:59 21.02.2021)
АКШнын Лас-Вегас шаарында Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) кезектеги мелдеши өттү. Промоушен өзүнүн YouTube каналына анын бир нече учурунун видеосун чыгарды. 

Америкалык мушкерлер Кертис Блэйдс менен Деррик Льюистин кармашы андагы башкы беттеш болду. Мында Льюис экинчи раундда атаандашын мөөнөтүнөн мурда нокаутка түшүрүп, жеңүүчү болуп чыкты.

Мелдеш бири-бирин эсин тандыра урган соккулар, жыга тепкен учурлар менен коштолду. Жулиан Эрос секирип тизеси менен атаандашын бет талаштыра тээп, оор нокаутка кулатканы мелдештин эл көп көргөн учурларынын бири болду.

Негизги карддагы эки беттеште жеңүүчү калыстардын бир добуштан берген чечими менен аныкталса, дагы бир кармаш техникалык нокаут менен жыйынтыкталды.

2742
Белгилер:
видео, нокаут, мелдеш, UFC
Тема боюнча
Жыга чапты. Мушкер Абдыкааровдун OPEN FC беттешинде уткан учурунун видеосу
Тизе менен бүк түшүрө тээп. UFC мелдешинин эң кызыктуу учурлары видеодо

Брюс Лини туураган Нурмухаммед өзгөчө өнөрү менен рекорд койду. Видео

222
(жаңыланган 18:20 01.03.2021)
Брюс Линин ыкмаларын дал өзүндөй жасаган кыргызстандык жеткинчек Нурмухаммед Ташмаматов Россиянын Биринчи каналы уюштурган "Я почти знаменит" долбооруна катышты. Ал нунчакты колдонуп, өнөрүн тартуулады.

Кыргызстандык бала бир мүнөттүн ичинде теннис столунун үстүндө нунчак менен 49 ирет топту тосуп кайра урган. Рекорддун видеосу Interrecord эл аралык агенттигинин YouTube-каналына жарыяланды.

Interrecord — рекорддорду каттоого алган эл аралык агенттик. Алар 10 жаштагы кыргыз баланын рекордун расмий түрдө каттоого алган. Бул боюнча сертификатты Ташмаматовго агенттиктин директору Влад Капыло тапшырган.

"Я почти знаменит" долбоору Биринчи каналда (Россия) жыл жаңырганда башталган. Анда катышуучулар телекөрүүчүлөргө элде жок өнөрлөрүн көрсөтөт. Ар бирине мүмкүнчүлүк берилип, аларды үч адамдан турган калыстар тобу баалайт.

Ар бир тандоо турунда 11 катышуучу финалга чыгуу үчүн таймашат. Программанын баш байгеси — үч миллион рубль.

Белгилей кетсек, Брюс Лини туурап, анын ыкмаларын жасаган кыргызстандык бала буга чейин Биринчи каналдын "Лучше всех" долбооруна да катышкан.

222
Белгилер:
Нурмухаммед Ташмаматов, видео, өнөр, теннис, рекорд, жеткинчек, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандык кыз "Лучше всех" шоусунда спорттун өзгөчө түрүн көрсөттү. Видео

Казакстандык жана украиналык футболчулар мушташа кетип, оюн токтоду. Видео

229
(жаңыланган 16:09 01.03.2021)
Казакстандык "Окжетпес" жана украиналык "Верес" футбол клубдарынын беттеши массалык мушташтан улам токтотулду.

Жолдоштук беттеш Түркиянын Белек аймагындагы машыгуу базасында өткөн.

Оюн достук маанайда башталып, казакстандыктар эсепти ачкан. Биринчи бөлүктүн 29-мүнөтүндө украиналыктардын коргоочусу Дмитрий Немчанинов орой ойноп, казакстандык оюнчу ага каршы атырылган. Чырды токтотуунун ордуна алмашууда турган оюнчулар, машыктыруучулар штабы оюн талаасына чуркап чыгып, мушташа кетишкен.

Калыстар оюнду токтотууга аргасыз болушкан. Эсеп 1:1 болчу.

Кийинчерээк "Окжетпес" клубу бул ички чемпионатка карата даярдык иретинде өткөрүлгөн беттеш экенин билдирген.

"Матч бейрасмий экенине карабай орой жана кооптуу өттү. Мындай оюндан кийин жаракат алган оюнчу футболго жараксыз болуп калышы да толук мүмкүн. Беттеш токтотулуп, командалар тарап кетти", — деген казакстандык команда.

Өз кезегинде "Верестин" башкы машыктыруучусу Юрий Вирт мындай чырдын чыкканына казакстандыктардын ашкере орой ойногону себеп болгонун айтты.

229
Белгилер:
мушташ, беттешүү, Түркия, Украина, Казакстан, футбол
Тема боюнча
Бразилия чемпионатынын финалында футболчулар массалык мушташ чыгарышты. Видео
Беларусь президенти Александр Лукашенконун улуу баласы Виктор Лукашенко. Архив

Лукашенконун уулуна генерал наамы берилди

0
Виктор Лукашенко 26-февралда Беларустун Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) президенттигине шайланган.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенконун улуу баласы Виктор Лукашенкого запастагы генерал-майор наамы берилди. Бул тууралуу РИА Новости аталган президенттин маалымат кызматынын сайтына таянып кабарлады.

"Полковниктер Владимир Куприянюк, Роман Подлинев, Николай Карпенков, Дмитрий Шахраев, Андрей Павлюченкого кезектеги генерал-майор наамы, ал эми Виктор Лукашенкого запастагы генерал-майор наамы ыйгарылды", — деп айтылат маалыматта.

Виктор Лукашенко 26-февралда Беларустун Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) президенттигине шайланган.

"Анда Беларусь башчысы бийликти өзүнүн балдарына берүү боюнча маалыматты четке каккан. Тагыраагы, кеп бул жерде улуу баласы туурасында жүргөн. Мамлекет башчысы Виктор Лукашенко УОК жетекчилигине шайлангандан кийин мамлекеттик кызматкер болбой тургандыгын, аны президенттин улуттук коопсуздук боюнча жардамчылыгынан бошотушарын айткан", —  деп жазды РИА Новости.

Беларусь президенти Лукашенко буга чейин жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин мамлекет башчысы болбой турганын жар салды.

0
Белгилер:
Виктор Лукашенко, генерал, УОК, Александр Лукашенко, Беларусь
Тема боюнча
Владимир Путин Садыр Жапаровго кунда жок кылыч белек кылды. Сүрөт
Пашиняндын "Искандерлер" боюнча айтканы элди экиге бөлгөндө. Россия эмне деди