Бул тууралуу кабарды Eurosport жазып, видеосун чыгарды.
Профессионалдык футболдо сейрек кездешүүчү мындай окуя чемпионаттын жетинчи турунда "Крус Асуль" менен "Толука" командаларынын ортосундагы беттеште катталган.Талаа ээлери 2:0 эсебинде утуп жатып кезектеги чабуулда тебилген топ дарбаза мамысына тийип кайтат. Аны экинчи чабуулчу бош калган дарбазага багыттаган. Видеодон бул учурда беттештин калысы ортодон чуркап өтө калганда топ анын бутуна тийип сыртка чыгып кеткенин көрүүгө болот.
Кадрдан бул окуяга же ачууланарын же таңгаларын билбей, кирбей калган голу үчүн айласыздан алакан жайып, калысты тегеректеп жүргөн оюнчуларды көрүүгө болот.
"Крус Асуль" футболчуларынын нааразы болгонуна карабай арбитр бул талаштуу учурду голго эсептей алган эмес. Эрежеге ылайык, эгер беттештин калысына топ тийип, ал учур оюндун жүрүшүнө таасир бере турган болсо, анда ал чабуулдагы командага стандарттык абалдан эркин ойноо мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү болот.
Беттеште коноктор эсепти 2:2ге айланткан. Деген менен талаа ээлери 63-мүнөттө топ киргизип 3:2 эсебинде уткан.
"Крус Асуль" чемпионатта 15 упай менен экинчи сапта келе жатат. Ал эми "Толука" 13-катарда. Мелдеште 16 упай топтогон "Америка" командасы көч баштап келүүдө.
Бул факт Жазык кодексинин 211-беренеси ("Мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Маалыматка караганда, 25-февралда Бишкек шаарынын Донский тар көчөсүндөгү цехте санитардык эрежелерди одоно бузуп, "омега 3-6-9", "гүл уну", "зире майы", "зайтун майы" жана башка биологиялык активдүү кошулмаларды колдо жасап жатышкан. Анын башкы уюштуруучулары А. жана С. аттуу чет элдик жаран экени аныкталган.
Финпол контрафакттык продукцияларды жасалма же мыйзамсыз түрдө жасап жаткандарды, ошондой эле экономикалык кылмыштарды көргөн жарандар болсо 1955 номери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукту. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Матвиенко Жапаровдун алгачкы иш сапарынын Россияга жасалышы өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин тастыктаарын белгилеп, бул кыргыз-орус мамилелеринин бардык чөйрөсүнө жаңы дем берип, стимул болоруна бекем ишенерин билдирди.
"Эки өлкө элин жалпы тарых байланыштырып турат. Санкт-Петербургдун депутаты катары Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында миңдеген ленинграддык блокадачылар Кыргызстандын аймагына эвакуацияланганын, алардын арасында балдар да келип, Ысык-Көлдүн жээгинде "жаңы коломтого" баш калкалаганын эске салгым келет. Жаш муундар эки өлкөнүн жалпы тарыхын унутпашы керек", — деди Матвиенко.Өз кезегинде Жапаров Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы жетишилген жогорку деңгээлдеги парламенттер аралык байланыштарды канааттануу менен белгиледи.
Ошону менен бирге мамлекет башчы бүгүнкү сүйлөшүүлөр жана жетишилген келишимдер эки тараптуу кызматташуунун пайдубалын бекемдөөгө жана кыргыз-орус мамилелери менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним артты.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Жаз келери менен, 1-мартта, карызы бар беш миңден ашык абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Жарандар https://se.kg сайтына кирип "Абоненттин балансы" деген рубрикадан жарык үчүн канча карызы бар экенин биле алышат. Мындан сырткары, күнү-түнү иштеген 1209 Call-борборго чалып же 0551 001209 WhatsApp номерине жазса болот.
"Түндүк электр" жарыксыз калбаш үчүн жарандарды карызды убагында төлөөгө чакырды.
Электр энергиясы үчүн канча карызы бар экенин билүү үчүн https://se.kg/balance сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнө кирсе болот. Ал үчүн эсеп номерин билүү керек.
Каражатты терминал, электрондук капчык, банк жана почта аркылуу төлөөгө болот.