Спортко кайткыс кылып сабаган! Нуньес Роузини уткан беттеш толугу менен жарыяланды

731
(жаңыланган 12:13 23.02.2021)
Бразилиялык спортчу, азыркы UFC чемпиону Аманда Нуньес ошол кездеги уюмдун чемпиону жана жылдызы Ронда Роузини бир мүнөткө жетпеген убакытта утуп алган.

Абсолюттук мушкерлер уюму (UFC) YouTube-каналына Аманда Нуньес менен Ронда Роузинин кармашынын толук тартылган видеосун алып чыкты.

Бул чемпиондук беттеш 2016-жылы Лас-Вегаста өткөн. Уюштуруу тобу видеону Нуньес менен Меган Андерсондун беттеши жакындап келе жатканы үчүн чыгарган. Анда бразилиялык спортчу наамын коргойт.

Беш жыл мурун Нуньес Роузини 46 секунддун ичинде эле сокку артынан сокку уруп жеңген. Ошондон кийин америкалык спортчунун карьерасы жыйынтыкталган.

Белгилей кетсек, Ронда Роузи аялдардын ичинен UFC уюмунун чемпиондук курун биринчи тагынган спортчу. Ал мурда дзюдо боюнча Олимпиада оюндарынын коло байгесин алган. Азыр реслингге катышып, кинолорго тартылып жүрөт. 

731
Белгилер:
видео, чемпион, беттешүү, Аманда Нуньес, UFC
Тема боюнча
ММА секс-символу атаандашын кекиртектен алды. Көз караштар таймашынан видео

Чарт жарылган муздар асманды көздөй атылып. Сестенткен видео

352
(жаңыланган 21:53 07.03.2021)
Тыптынч жаткан дарыянын бетиндеги муздардын чарт этип катуу үн чыгара жарылып, андан соң асманга ылай аралашкан суу менен кошо атылганы жай турган кишини катуу чочуткудай. Көргөн кишини кайдыгер калтырбаган видео Москва облусунда тартылган.

Россиянын Коргоо министрлиги Москва облусундагы Иневка дарыясына тоңгон муздарды жардырганын RT маалымдады.

Бул дарыянын чет жакасында жайгашкан калктуу жерлерди суу ташкындарынан сактоо боюнча алдын алган иштердин алкагында жасалган.

Аскердик инженерлер музду оюп, жардыргыч заттарды суунун алдына коюп жаткандыгын видеодон көрүүгө болот. Маалыматта аталган иштер кылдаттыкты жана так эсептөөлөрдү талап кылары жазылган.

Адистер туурасы бир чакырым болгон дарыянын нугун муздан арылтуу үчүн 200 кг жардыргыч заттарды пайдаланган.

352
Белгилер:
жардыруу, муз, дарыя, Москва, Россия
Тема боюнча
КамАЗ унааларынын пианисттин коштоосундагы "бийи". Видео

Тегеренип тээп, намысын бербей кармашып... Соңку UFC турниринен кызыктуу видео

266
(жаңыланган 16:57 07.03.2021)
UFC уюмунун кезектеги турниринде айрым мушкерлер күтүүсүз жерден чемпион аталса, кээ бири карьерасында биринчи жолу жеңилүү ызасын тартып, дагы бири ишенимдүү түрдө утту.

Эл көптөн күткөн Лас-Вегастагы UFC 259 турнири жыйынтыкталды. Кеченин башкы беттешинде польшалык Ян Блахович жаңы зеландиялык Исраэль Адесаньяны утуп, наамын коргоп калды. Адесанья биринчи жолу утулду (20:1).

Аманда Нуньес азырынча ага татыктуу атаандаш жок экенин тастыктады. Ага караганда бойлуу, сөөк-саактуу келген Меган Андерсон биринчи раундда эле өзүн көрсөтө алган жок.

UFC чемпиону Петр Ян наамын коргогон кармашта атаандашына тыюу салынган соккуну колдонгону үчүн беттештен четтетилип, ордуна америкалык Алджамейн Стерлинг чемпион болду.

Спорттук кечедеги дагы башка кызыктуу учурларды видеодон көрүңүз.

266
Белгилер:
видео, беттешүү, мушкер, Петр Ян, Аманда Нуньес, UFC
Тема боюнча
UFC мушкерлери Нуньес менен Андерсондун көз караштар таймашы. Видео
Спортко кайткыс кылып сабаган! Нуньес Роузини уткан беттеш толугу менен жарыяланды
Жеңил атлетчилер марафон учурунда. Архив

Кыргызстандык жеңил атлетчилер Беларуста бир нече медаль алышты

0
(жаңыланган 00:16 08.03.2021)
Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар баш-аягы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды. Бул тууралуу КРдин Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.

Кыргызстанские легкоатлеты во время соревнований в Беларуси
© Фото / пресс-служба федерации легкая атлетика КР
Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды

Маалыматка ылайык, Минск шаарындагы мелдеште узундукка секирүү боюнча Светлана Майер биринчи орунга жетип алтын медалга татыган. Анастасия Бондаренко 200 жана 60 метрге чуркап коло менен күмүш медаль алса, ал эми Артем Слесаренко 60 метрге чуркап коло медалга ээ болгон.

Дагы бир жөө күлүк Калыс Таштанов 1500 метр аралыкта марага биринчи жетип алтын, 800 метр аралыкта үчүнчү келип коло медалды байге куржунуна салган.

Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар жалпы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты. 

0
Белгилер:
медаль, мелдеш, жеңил атлетика, Беларусь
Тема боюнча
Надыров: Ысык-Көл марафонунун байге фонду 1 млн. 44 миң сомду түзөт
ШКУнун эл аралык марафону 15-майда Чолпон-Ата шаарында старт алат