Агата Быковская Кыргызстандын үч жолку чемпиону аталып, эл аралык турнирлерде байгелүү орундарга ээ болгон.
Жакында эле Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги бир катар атлетке наамдарды тапшырып, Быковскаяга эл аралык класстагы спорт чебери наамы ыйгарылды.
"Кыргызстанда мындай наамды алган алгачкы гимнаст кызмын, бул, албетте, беделдүү нерсе. Бардыгы эле мындай ийгиликке жете бербейт", — деди спортчу кыз.
Агата Быковская 200дөн ашык чемпионатка катышкан. Учурда дагы башка мелдештерге даярданып, күнүнө үч сааттан машыгууда. Ошондой эле жаш спортчуларга чеберчилигин үйрөтүү менен алек.
Россиянын Коргоо министрлиги Москва облусундагы Иневка дарыясына тоңгон муздарды жардырганын RT маалымдады.
Аскердик инженерлер музду оюп, жардыргыч заттарды суунун алдына коюп жаткандыгын видеодон көрүүгө болот. Маалыматта аталган иштер кылдаттыкты жана так эсептөөлөрдү талап кылары жазылган.
Адистер туурасы бир чакырым болгон дарыянын нугун муздан арылтуу үчүн 200 кг жардыргыч заттарды пайдаланган.
Эл көптөн күткөн Лас-Вегастагы UFC 259 турнири жыйынтыкталды. Кеченин башкы беттешинде польшалык Ян Блахович жаңы зеландиялык Исраэль Адесаньяны утуп, наамын коргоп калды. Адесанья биринчи жолу утулду (20:1).
UFC чемпиону Петр Ян наамын коргогон кармашта атаандашына тыюу салынган соккуну колдонгону үчүн беттештен четтетилип, ордуна америкалык Алджамейн Стерлинг чемпион болду.
Спорттук кечедеги дагы башка кызыктуу учурларды видеодон көрүңүз.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды. Бул тууралуу КРдин Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.
Дагы бир жөө күлүк Калыс Таштанов 1500 метр аралыкта марага биринчи жетип алтын, 800 метр аралыкта үчүнчү келип коло медалды байге куржунуна салган.
Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар жалпы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты.