Спикер Мамытов: Ак үйдү 19 млн. сом менен оңдодук, мурда 300 млн. кеткен. Видео

Жазылуу
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде Ак үйдү калыбына келтирүүгө 19 миллион сом гана коротулганын билдирди.
Анын айтымында, буга кеткен каражат дагы бюджеттен алынбай, депутаттар өз чөнтөгүнөн чыгарган.
Октябрь айындагы башаламандык учурунда талкаланган ЖКнын имаратын оңдоп-түзөөгө эл өкүлдөрү айлык акысынан 9 миллион сом которушкан. Андан кийин дагы чогултуп, парламенттин аппаратынын ишин камсыздоо үчүн керектелүүчү техника сатып алышкан.
"2010-жылы Ак үйдү оңдоп-түзөө иштерине 120 миллион, техникалык жабдууга жана эмеректерге 180 миллион сом жумшалган. Жалпы 300 миллион коротулуп жатат. Бул каражаттын бардыгы мамлекеттин эсебинен алынган. Ал эми октябрь окуясында талкаланган имаратты калыбына келтирүү үчүн 19 миллион сомдон ашуун гана каражат кетти. Кээ бир депутаттарга чоң кабинеттерди берип, "сиздин мүмкүнчүлүгүңүз бар, өзүңүз отуруп оңдоп алыңыз" дедик", — деди Мамытов.
Төрага мындан сырткары дагы техника алуу үчүн 10 миллион сомдой керектелерин айтып, ал бюджеттен бөлүнүшү мүмкүндүгүн белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0