Эки күндөн бери Еревандагы "Эркиндик" аянтында чатырлар тигилип турат: нааразылыкка чыккандар парламенттин имаратынын алдына түнөштү. Азыркы бийликтин саясатына ичи чыкпагандардын нааразылык толкуну Пашиняндын россиялык "Искандерлер" боюнча айтканынан соң күчөп, чегине жетти. Ыкчам-тактикалык комплекстер боюнча сөз армян коомчулугун эмне үчүн экиге бөлдү? Тоолуу Карабахта негизи "Искандерлер" колдонулду беле?
АКШ 20 жылдан бери талибдер менен эпке келип, өлкөдө тынчтык орнотуу оюн ишке ашыра алган жок. Америкалык жоокерлер качан Афганистандан толук чыгып кетет? Согушкерлерге эмнени түшүндүрүп, кырдаалды кантип жолго салып кете алат. Суроолорго жоопту видеодон көрүңүз.
Атайын кызмат коррупциялык схеманын бетин ачкан видеону жарыялаган.
Ага ылайык, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери автомектептердин мугалимдери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, тестирлөөнүн жыйынтыктарын бурмалашкан.
"Натыйжада айдоочулук мектептерде окуудан өтпөгөндөргө күбөлүк берилип жүргөн. Ошондой эле практикалык башкаруудан "ийгиликтүү" өткөрүп, биринчи экзаменде эле айдоочулук күбөлүк тапшырып турушкан. Бул үчүн кызматкерлер 5000 сом алып турган", — деп айтылат маалыматта.
Учурда "Унаа" ишканасынын башка бөлүмдөрүндө коррупциялык схемаларды аныктоо иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасын пайдалануу элдин саламаттыгын коркунучка алып келет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова билдирди.
Буга чейин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган чөптүн тундурмасын журналисттерге маалымат жыйынын берип жатып ичерин айткан.
"Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасын колдонуп же коронавируска каршы дары катары жазып бере турган болсок, расмий медицина кыйроого учурайт. Мен бул аракеттерди Кыргызстандын медицина тармагына чабуул катары баалайм. Бир эле учурда "Жарандардын саламаттыгы жөнүндө", "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" бардык медициналык мыйзамдар бузулат. Бул медиктер коомчулугунун бетине түкүргөнгө барабар. Анда медициналык ЖОЖдор менен илимий борборлорду жаап салуу керек", — деди Барыктабасова.
Ал "Ысык-Көл тамыры" Дары-дармектер менен камсыздоо боюнча департаменттен каттоодон өтмөйүнчө мыйзамсыз болуп эсептелерин кошумчалады.
"Каттоодон өткөрөбүз десек, жаныбарлардын организминде сыноолор болгонбу же болгон жокпу деген суроо берилет. Эл арасында муну иттерди жана эчкилерди өлтүргөн чөп экенин баары билет. Бардык адамдар муну уу деп таанышат. Таңгагында толук нускамасы жазылышы керек, албетте азыр ал жок", — деди адис.Барыктабасованын айтымында, "коронавирусту дарылоо боюнча бешинчи протоколго чет элдик адистер толгон-токой бизге белгисиз дарыларды кошууну сунуштаган. Бирок кыргыз медиктери ага каршы турушкан".
"Эми минтип өз министрибиз өлкөдөгү эң уулу көптү кошкусу келип жатат. Ансыз деле коронавирус организмди өтө ууландырган вирус. Биз анын үстүнө кошул-ташыл кылып салбайбызбы. "Ысык-Көл тамыры" элдин саламаттыгына коркунуч жаратат", — деди ал.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он-чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.
Журналисттин сөз болуп жаткан кайнатма менен коронавирустан арылса болобу деген суроосуна ал "Мүмкүн эмес. Бардык жерде илимий далил керек" деп жооп берди.
Кыргызстанда 2007-жылдан тарта 2018-жылга чейин жергиликтүү ЖМКлар "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасына ууланып көз жумгандар көп болгонун жазышкан.