Илбирске моюн бербей кармаша кеткен топоздор. Айыгышкан күрөштүн видеосу

Жазылуу
Видеодон илбирстин топоздордун үйүрүнө кол салганын көрүүгө болот. Бирок чоңураактары жырткычтын жемине айланып кала жаздаган кичирээгине "жардам берип", ажалдын оозунан сууруп алышкан.
Жырткыч менен топоздордун "кармашынын" видеосу "National Geographic Россия" сайтына жарыяланган.
Лев и леопард одновременно охотились на теленка — мать защищала его. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2021
Баласын коргоп арстанды айланта, кабыланды каардана кууган буйволдун видеосу
Анда көрүнүп тургандай, ак илбирс тоо топоздорунун үйүрүнө акырын барып, кичирээгине чап жармашкан. Алар тоодон кармаша ылдый кулаган. Алардын артынан ири топозу түшүп, мүйүзү менен кичирээгин куткарууга аракет кылып аны сүзгүлөгөн. Андан соң артынан "жардамга" дагы бири келген. Ошентип, баарылап жатып "тууганын" ажалдын оозунан сууруп алышкан. Ал эми илбирс эч нерсе чыкпай турганын сезгенсип ары басып кеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0