Депутат Рыскелди Момбеков демилгечи катары документке 1-мартта кол койду делген депутаттардын арасында 28-февралда көз жумган Алмасбек Акматов, тергөө абагында отурган Кубанычбек Жумалиев дагы бар экенине таң калды.
"Долбоор 1-мартта киргизилиптир. Урматтуу төрага, айтып коюңузчу, Алмасбек Акматов кечээ эле жерге берилди го, өлүп калган кишини кантип кол койдурдуңар. Кубанычбек Жумалиев түрмөдө отурат, ал кантип кол койду? Анан демилгечи 80 депутат болушу керек, бул жерде автор катары 60 гана депутат турат", — деди Момбеков.
Андан соң төрага Талант Мамытов юридикалык жол-жобосу бар экенин айтып, бирок аларды тактаган жок.
Эки мүнөткө жетпеген видеодо спортчулар океандын толкуну менен жарышкан кереметтүү кадрлар камтылган.
Ролик YouTube компаниясынын расмий баракчасына жарыяланды.
Кадр Кениянын түштүк-батышындагы Масаи-Мара коругунда тартылганын National Geographic жазды. Бул жаратылыш паркы арстандары менен белгилүү. Анда бул жырткычтын саны 900гө жакын. Аңчылыкка ургаачылары гана чыгат.
Видеодон жаш арстан эликтин артынан түшүп, бирок аны кармоого кокустук гана жардам бергенин көрүүгө болот.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Борбор калаада Бишкек баатырдын айкелинин ачылыш аземи өттү. Иш-чарага президент Садыр Жапаров баштаган аткаминерлер менен маданият өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Бийиктиги 3,5 метр болгон эстелик шаардын Эркиндик жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишине тургузулган.
Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн мамлекет башчысы Бишкек баатыр касиеттүү адамдардан болгондугун айтып өттү.
"Бүгүнкү күндө Бишкек Кенен уулу жашап өткөн доорго кызыгуу тереңдеп, тарыхчы-окумуштууларыбыз, жазуучуларыбыз анын өмүр таржымалын ийне-жибине чейин тактаганга аракет кылып жатышат. Көркөм чыгармалар, катар-катар илимий иликтөөлөр жазылууда", — деди Жапаров.
Өлкө башчысы ошондой эле шаардагы тарыхый эстеликтерге аяр, камкор мамиле жасалышы керектигин белгилеп кетти.
Бишкек баатырдын эстелигине 2019-жылы шаар бийлиги тарабынан сынак жарыяланган. Анда 30 скульптордун арасынан Адил Сейталиев жеңүүчү болгон.Баатырдын айкелин коюу боюнча иштер өткөн жылдын июнь айында башталып, ачылышы 31-август — Кыргызстандын эгемендик күнүнө паландалган. Бирок пандемиядан улам курулуш иштери өз убагында бүтпөй калган болчу.
Эстеликти орнотууга 8 миллион сомдон ашык акча жумшалган. Бул каражатты "Бишкек баатыр" коомдук бирикмеси марафондо чогулткан.