Вьетнамда курьер 12-кабаттан кулаган бөбөктү кармап калды. Видео

Жазылуу
Вьетнамда жеткирүү кызматында иштеген курьер күтүүсүз окуяга кезигип, чоң эрдик жасады. Ал 12-кабаттан кулаган бөбөктү тосуп алып, аман сактап калды.
Vietnam Times гезитинин билдиришинче, окуя 28-февраль күнү Ханой шаарында болгон. Эки жашар кыз балкондо ойноп жатып кулап кеткен.
Бул учурда курьер Нгуен Нгок Манх машинасында отурган. Ал подъездге кире бериштин чатырына чыгып, үстүдөн түшкөн бөбөктү колу менен тосуп алган.
Рельске кулаган баланы сууруп алган машинист. Жүрөк түшүргөн окуянын видеос - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2021
Рельске кулаган баланы сууруп алган машинист. Жүрөк түшүргөн окуянын видеосу
Бала болжол менен 50 метр бийиктиктен кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен кыздын колу, буту сынган, абалы туруктуу деп бааланганын билдирген медиктер. Ал эми жигиттин тарамышы чоюлуп калган.
Социалдык тармактарда 31 жаштагы жигитти чыныгы баатыр деп аташты. Адам өмүрүн сактап калганы үчүн премьер-министр ага ыраазычылык билдирип, сыйлык ыйгарууну сунуштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0