КамАЗ унааларынын пианисттин коштоосундагы "бийи". Видео

Жазылуу
16-февралда КамАЗ жүк ташуучу унааларын чыгарган компания 45 жылдыгын белгиледи. Буга байланышкан салтанатта заводдун КамАЗ-54901 маркасындагы жаңы унаалар "бийлеп" чыгышкан.
Виртуоз-пианист Денис Мацуев өзүнүн музыкалык тобу менен майрамдык кечеде Георгий Свиридовдун "Время, вперед!" оркестрдик сюитасын аткарган. Бул композиция "Время" программасын коштогон музыка катары белгилүү.
Жүк ташуучу унаалар муз аянтында музыканын ыргагы менен ар кандай маневрларды аткарышты.
"Популярдуу механика" КамАЗ азыр 60тан ашык негизги моделдерди жана 1500 автоунаалардын толук топтомун чыгарарын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0