Чарт жарылган муздар асманды көздөй атылып. Сестенткен видео

Жазылуу
Тыптынч жаткан дарыянын бетиндеги муздардын чарт этип катуу үн чыгара жарылып, андан соң асманга ылай аралашкан суу менен кошо атылганы жай турган кишини катуу чочуткудай. Көргөн кишини кайдыгер калтырбаган видео Москва облусунда тартылган.
Россиянын Коргоо министрлиги Москва облусундагы Иневка дарыясына тоңгон муздарды жардырганын RT маалымдады.
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2020
Кызык көрүнүш. Чоң-Алайда кышында дарыядагы муз эрип, ташкын болду. Видео
Аскердик инженерлер музду оюп, жардыргыч заттарды суунун алдына коюп жаткандыгын видеодон көрүүгө болот. Маалыматта аталган иштер кылдаттыкты жана так эсептөөлөрдү талап кылары жазылган.
Адистер туурасы бир чакырым болгон дарыянын нугун муздан арылтуу үчүн 200 кг жардыргыч заттарды пайдаланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0