"Дары болбоптур", "балашка". Акаев менен Төрөбаевдин кайым айтышкан видеосу

Жазылуу
Парламенттин жыйынында депутаттар Жанар Акаев менен Бакыт Төрөбаев парламенттин жыйынында кайым айтыша кетти. Чыр референдум дайындоо мыйзамын күн тартибине киргизүү учурунда чыкты.
Алгач Акаев референдум дайындоодо регламент бузулуп жатканын билдирсе, Төрөбаев 2016-жылы дагы Баш мыйзам өзгөртүлүп жатканда азыркы кыйкыргандар үн катпай отурганын айтты.
Андан соң Акаев микрофон алып кайсы президент келбесин, астына жагалданып баргандар тууралуу кыйытты.
Депутат Жанар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2021
Шерменде болобуз! Референдум дайындоону күн тартибине киргизүү талашка түштү
"Капа болбогула, кээ бир депутаттар төө десе, бээ деп жатасыңар да. Биз регламент боюнча кетели деп жатсак, чыгып эле "Конституцияны, Жапаровду колдойлу" деп жатышат. Атамбаевдин учурунда анттим-минттим деп азыр баатыр болуштун кереги жок. Ал убакта Атамбаевге эмне дегенсиңер, анын берген жообу баарыбызга белгилүү", — деди Акаев.
Буга ачууланган Төрөбаев ал бир президенттин дагы баласы болбогонун айтып какшыктады.
"Президенттин мага айткан сыны мен үчүн дары деп коём. Аны коркпой эле айтам, уялбайм. Ал киши өзүнүн ыктыяры менен кетти, биз ага баа бердик. Бирок баласы атасын саткан чоң күнөө, эч качан унутпагын, сен ким элең, ким болдуң! Мен сага тийишкен жокмун. Сен мага кыйытып сүйлөбөй жүргүн, уктуңбу, иним", — деди Төрөбаев.
Акаев ага дароо эле жооп кайтарып, депутаттардын намысын ойготуу үчүн айткан сөзү ээсине жетип жатканын кубануу менен белгиледи.
"Бакыт Эргешович, сизге дагы бир жолу айтып коёюн, дары болсун, бирок дары болбоптур. Мен Атамбаев менен иштегениме азыр да сыймыктанам, анткени биз болгонун болгондой айтып отурганбыз. Ошондо силер бул жерде унчукпай отургансыңар. Мен сиздин ордуңузда болгонумда микрофонго чыгып такыр сүйлөбөйт элем. Улам келген президенттердин этегине намаз окуп жатасыз. Өзүңүз айтып калдыңыз, керек болсо сиз атаңыздын татыктуу уулу боло алган жоксуз. Атаңыз ушул жерде депутат болгон. Уялбай чыгып алып каяктагы ата-баланы айтып жатасыз", — деди Акаев.
Төрөбаев кайра чыгып, Атамбаевдин иштерин Акаев жасап келгенин белгиледи.
Депутат Бактыбек Райымкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2021
Депутаттар Бекешев менен Райымкулов жыйында бири-бирин ашата сөктү
"Жанар иним, мен ошол президенттердин алдына намаз окуганымды көрдүң беле? Биз өзүбүз үчүн окуйбуз. "Балашка" деген сен эмес белең, ошол киши сени өстүргөн. Сен анан далыңды салып кетип калбадыңбы. Ошон үчүн кимдин ким экенин билип алгын", — деди депутат.
Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев президент кезинде Акаевди "балашка" деп атаган. Ал эми Төрөбаев президент ар дайым аны сындап келгенин айтса, Атамбаев "дары болсун" дегени маалым.
Жаңылыктар түрмөгү
0