Жапаровго бөркүмдөй ишенем. Төрөкулов абактан кантип добуш бергенин айтты. Видео

Жазылуу
Депутат Дүйшөн Төрөкулов абакта отурган кезинде кесиптеши Акылбек Жапаровго өзүнүн ордуна добуш берүүгө ишеним катты кантип бергенин айтты.
Эки ай мурун УКМК тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилген эл өкүлү бүгүн парламенттин жыйынына келди. Ал чуу жараткан добуш берүү боюнча журналисттердин суроосуна жооп берди.
"Ишеним катты Акылбек Жапаровго кагаз жүзүндө бергем. Ал тергөө абагына барган, бирок бизди кезиктирген жок. Анан ошол жердеги кызматкерлер аркылуу берип жибердим. "Мен сизге (Акылбек Жапаровго — ред.) бөркүмдөй ишенем, сиздин чечимиңизге толугу менен макулмун" деп жазып бергем", — деди Төрөкулов.
Ал эми кайсы мыйзам үчүн кандай добуш берүүгө макулдук бергенин сураганда жооп бербей басып кетип калды.
Эске салсак, өткөн жумада референдум өткөрүүгө "макул" деп добуш берген депутаттардын арасында Дүйшөн Төрөкулов да бар экени көпчүлүктү таң калтырып, парламентте талаш жаралган.
Жаңылыктар түрмөгү
0