АКШда жүрүп бараткан унаанын үстүнө учак кулап түштү. Видео

Жазылуу
Флорида штатында (АКШ)  жеңил учактын мотору жүрүп бараткан унаанын үстүнө кулап, жарылып кетти. Кырсыктын кесепетинен үч адам көз жумган.
WSVN телеканалынын маалыматына караганда, окуя Пемброк-Пайнс шаарында, Норт-Перри аэропортунан анча алыс эмес жерде болгон. Кырсык видео байкоого түшүп калган.
Beechcraft Bonanza учагынын ичиндеги эки адам мүрт кеткен. Кроссоверде аял менен бала баратканы айтылды. Алар ооруканага жеткирилгени менен бала чарчап калган.
Жаңылыктар түрмөгү
0