Премьер Марипов "Бишкек башкы архитектурада" жыйын өткөрүүдө. Видео

(жаңыланган 11:55 19.03.2021)
"Бишкек башкы архитектуранын" имаратында премьер-министр Улукбек Мариповдун катышуусу менен көчмө жыйын өтүүдө. Кандай маселелер карала турганы азырынча белгисиз.

"Бишкек башкы архитектура" — муниципалдык ишкана болуп эсептелет. Негизинен ал Бишкектин башкы планын ишке ашырууну көзөмөлдөйт. Ошондой эле ишкана имараттарды курууга, реконструкциялоого да уруксат берет.

Белгилер:
жыйын, түз эфир, Улукбек Марипов
Тема боюнча
Миңдеген гектар жер кантип трансформацияланат. Күчүнө кирген жаңы мыйзам

Спецназ Бишкектеги түнкү клубда атайын операция жасады. Видео

(жаңыланган 14:26 10.04.2021)
Спецназ менен наркозаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү Бишкектин түнкү клубдарынын биринде атайын операция жүргүзүштү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Министрликтен билдиришкендей, клубдагы диджей баңгизатты сатуу боюнча туруктуу канал уюштурганы тууралуу маалымат түшкөн. Мындан улам түнкү клубга атайын операция жасалып, тинтүү жүргөн.

Анын жыйынтыгы менен аталган мекеменин кызматкери, 30 жаштагы чет элдик жаран кармалды. Аны текшерүүгө алганда шымынын чөнтөгүнөн гашиш табылган. Ал эми анын бөлмөсүн тинтүү учурунда да шкафтан баңгизат чыккан.

Учурда бул ишке тиешеси бар делген дагы башка шектүүлөр изделип жатат.

Белгилер:
Бишкек, түнкү клуб, атайын операция, ИИМ, спецназ, баңгизат
Тема боюнча
11 спецназдан айрылган. Кыргыз милициясынын "Шумкары" тууралуу эмне белгилүү
Шигаев: баңгизат жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясы түзүлүүдө

Талкаланып, оңдоо кезегин күтүп... Бишкектин автобус паркынан тартылган видео

Бишкек мэриясы борбор калаадагы автобустар тууралуу толук маалымат берип, “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын" автопаркын көрсөттү.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча 476 автобус бар. Бирок алардын ичинен 140ы гана иштеп, күн сайын эл ташууга 103 автобус чыгат. 156сы узак убакытка созулган оңдоп-түзөөдө жатса,  40 автобус майда-чүйдө оңдоолорго муктаж. Калган 140ы жарактан чыккан. Аларды эсептен чыгаруу боюнча маселе Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизилген.

“Бишкек жүргүнчүлѳр автотранспорт ишканасынын" эки автобазасы бар. Алар Кустанай жана 7-Апрель көчөлөрүндө жайгашкан. Дал ошол жерден адистер бузулган техниканы оңдоп, кайрадан ишке киргизишет.

Муниципалдык транспорттун басымдуу бөлүгүн түзгөн Евро-2 жана Евро-3 үлгүлөрүндөгү автобустардын бир бөлүгү Социалдык фонд берген 200 миллион сом насыяга сатып алынган. Бирок мекеме карызынан кутула албай калып, насыя жергиликтүү бюджеттин эсебинен жабылган. Андыктан мекеме шаардык бюджетке карыз болуп калган.

Ал эми жалпысынан Бишкекте коомдук транспорт каттачу 135 маршруттун негизинде 1400 транспорт эл ташыганы чыгат.

Белгилер:
ремонт, мэрия, транспорт, автобус, Бишкек
Тема боюнча
Автобус менен троллейбуска жол кирени көтөрөлү. Бишкек мэриясынын сунушу
Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова. Архивдик сүрөт

Мээрим Жуманазарова Олимпиадага жолдомо ойнотулган мелдештен күмүш байге утту

(жаңыланган 19:41 10.04.2021)
Мээрим Жуманазарова алгачкы кармашында эле кытайлык кыз менен кез келип жеңилип калган болчу. Кийинки баскычтарда өзүнүн мыкты экенин көрсөтүп, финалдык баскычка жетти.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган мелдеште күмүш медаль утту. Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан мелдештин жүрүшүн United World Wrestling (Дүйнөлүк күрөш уюму) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөтүүдө.

68 килограмм салмакта күч сынашкан Мээрим Жуманазарова финалда кытайлык Фэн Чжоу менен таймашып, упай айырмасында жеңилип калды.

Кыргызстандык балбан кыз жарым финалда индиялык Ниша Нишаны 13:3 эсебинде, таза техникалык артыкчылык менен уткан. Ага чейин чейрек финалда казакстандык атаандашы Жамила Бакбергенованы 10:3 эсебинде жеңген.

Эскерте кетсек, мелдеш ушул күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өтүп жатат. Турнирдин финалына чыккан атлеттерге Токио Олимпиадасына лицензия берилет.

Буга чейин 76 килограмм салмакта күрөшкөн Айпери Медет кызы бардык атаандаштарын утуп, чемпион болгон.

Ал эми 57 килограммда күрөшкөн Назира Марсбек кызы эки жолу удаасы менен жеңилип, байгелүү орун үчүн таймашуу укугунан четтеп калды.

Кечээ грек-рим балбандарынын арасында таймаш жүрүп, ата мекендик спортчулар Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм), Акжол Махмудов (77 килограмм) жана Үзүр Жузупбеков Токио Олимпиадасына жолдомо алышкан.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпысынан 12 лицензия болду. Буга чейин балбан Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков, жөө күлүктөр Мария Коробицкая, Дарья Маслова жана Юлия Андреева, ошондой эле суучул Денис Петрашов жолдомо алышкан.

Белгилер:
финал, мелдеш, лицензия, олимпиада, Мээрим Жуманазарова, күрөш
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Жеңилип, кайра өзүн колго алган Мээрим да Олимпиадага жолдомо утту. Видео
Сүйүнчү! Айпери каршылаштарын баш көтөртпөй жеңип, Олимпиадага жолдомо алды