Жаш спортчу эл аралык мелдеште атаандашын сулата чаап, "кыргыз Флойду" аталды

(жаңыланган 13:55 19.03.2021)
Кыргызстандык мушкер Самат Абдырахманов атаандашын биринчи раундда эле сулата чаап, аны комментаторлор "кыргыз Флойду" деп атап коюшту.

Кыргызстандык Самат Абдырахманов менен башкортостандык Вячеслав Орлов Hardcore Fighting (мээлейсиз, муштум менен урушкан) таймаштарынын экинчи сезонунда беттешкен.

Мелдештин толук видеосун Hardcore Fighting Championship уюму YouTube-каналына жүктөдү.

Алгачкы раундда эле Абдырахманов атаандашына катуу соккуларды уруп, калыс Орловдун нокаут абалына түшкөнүн моюндады.

"Сени комментаторлор "кыргыз Флойду" деп атап ийүүгө жетишти", — деди алып баруучу.

Hardcore Fighting Championship уюмунун экинчи сезонунда ар кайсы салмак категориялары боюнча тандалма мелдештер өтөт. Финалга чыккандар Гран-при үчүн ат салышат. Биринчи орунду алган спортчуга — BMW автоунаасы, экинчиге — миллион рубль, үчүнчүгө — 500 миң рубль берилет.

Белгилер:
мушкер, спорт, Кыргызстан
Тема боюнча
UFC башчысы: Хабиб Нурмагомедов карьерасын расмий жыйынтыктады
Жаңы уюмда ат салыша турчу Бусурманкул Абдибаит уулу таразага түштү. Видео

Дозасын президент гана билет. Министрдин уу коргошун боюнча маалыматы видеодо

(жаңыланган 20:27 16.04.2021)
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту уу коргошун менен дарылоону сунуштады. Бул дары чөптү президент Садыр Жапаров өзү кайнатып жасап жатканы белгилүү болду. Президент менен министрдин дарылоо ыкмасы коомчулукту таң калтырды.

Министр кайнатылган уу коргошунду кантип ичиш керектигин журналисттерге көрсөтүп берди. Ал бөтөлкөдөгү дары чөптү электр чайнегине куюп кайнатып, андан соң бир кружкага куюп ичти. Ошондой эле ал муну туура эмес колдонсо адам бир нече көз ирмемде эле каза болорун айтты.

Бейшеналиевдин айтымында, бүгүнкү күндө уу коргошунду колдонуу эрежеси дарыгерлерге үйрөтүлүп, COVID-19 менен ооругандарга берилүүдө. Муну ичкен 300гө чукул бейтап айыгып чыккан.

"Өтө оор абалда реанимацияда жаткандарга бул дары чөптү бербейбиз. Жеңил түрү менен ооругандар ичип, сакаюуда. Ар ким өз алдынча эмес, ооруканада же дарыгердин көзөмөлүндө ичиши керек. Эгер муну муздак ичип алса же артынан муздак суу ууртап, балмуздак жеп алса беш мүнөткө жетпей өлүп калат. Биз жалпы 1000 адамга берип сыноодон өткөрүп алсак, муну патенттейбиз", — деди министр.

Ошону менен катар Бейшеналиев бул дары клиникалык сыноодон өтүп коопсуз экени далилдене электигин мойнуна алды. Муну президент Садыр Жапаров атасынан үйрөнгөн ыкмага таянып жасап жатканын жашырган жок.

"Кыргыздар кылымдардан бери уу коргошун менен бир топ ооруну дарылап келген. Президентибиз бул чөптөн дары жасаганды атасы Нуркожодон үйрөнүптүр. Ал кандай тамырды канча сууга кошуш керектигин өзү көрсөтүп кайнатууда. Мен дагы Садыр Нуркожоевичти күнүгө бир саатка келип үйрөтүп кетиңиз деп суранып жатам. Азыр аны менен кеңешип жасап жатабыз. Былтыр COVID-19 башталганда Жапаров абакта отуруп, ошол кездеги өлкө башчы Жээнбековго уу коргошунду дары катары сунуштаган. Бирок ал Жапаровдун катын окубаптыр дагы", — деди министр.

Саламаттык сактоо министри кимдир бирөө ооруканада уу коргошундан каза болсо жоопкерчилик алууга даярдыгын, ал эми өз алдынча ичкендерге жооп бербей турганын билдирди.

Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирүү таратып, сыноодон өтпөгөн дарыны каттоо жана калкка кеңири колдонууга сунуштоого болбой турганын эскертти. Клиникалык сыноолордо препараттын натыйжасы жана коопсуздугу аныкталарын эске салган.

Буга чейин мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.

Тема:
Уу коргошун чуусу

АКШ Афганистандагы талибандарга чечимин кандайча түшүндүрөт. Чоо-жайы видеодо

(жаңыланган 12:26 16.04.2021)
Афганистандын эли Байдендин америкалык аскерлерди чыгарып кетүү чечимине нааразы. АКШ президенти жоокерлердин "үйгө кайтуусуна" мезгил жеткенин айтты.

АКШ 20 жылдан бери талибдер менен эпке келип, өлкөдө тынчтык орнотуу оюн ишке ашыра алган жок. Америкалык жоокерлер качан Афганистандан толук чыгып кетет? Согушкерлерге эмнени түшүндүрүп, кырдаалды кантип жолго салып кете алат. Суроолорго жоопту видеодон көрүңүз.

Белгилер:
армия, чечим, Жо Байден, жоокер, Аскер, согуш, Талибан, Афганистан, АКШ
Тема боюнча
"Азиянын жүрөгүн дарылоо". Кыргызстан Афганистанга эмнеге жардам бериши керек
Кыз Ысык-Көл тамырын бөтөлкөсүн сүрөткө тартып жатат

Акониттин кайнатмасы мамлекеттик резиденцияда жасалат. Видео

(жаңыланган 23:42 16.04.2021)
Президенттик аппараттан аконит кайнатмасын даярдоочу имарат толук тазаланганын жана тийиштүү деңгээлде жабдылганын билдиришти.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн жасалуучу "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жасалат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

"Мамлекеттик резиденцияда атайын имарат бөлүнүп берилди, ал толук тазаланган жана талаптагыдай жабдылган. Кайнатма чөп ошол жерден жасалат, атайын жабдуу бар. Ал жерде медицина кызматкерлери бар, министр өзү да катышууда. Медиктер 300дөй ыктыярчыны дарылап сакайтты. Саламаттык сактоо министри өзү бул аракетти колдоп, акырындык менен пайдаланылып жатат", — дешти президенттик аппараттан.

Алар кайнатма чөп кустардык ыкма менен куюлбай турганын белгилешти.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Садыр Жапаров (@sadyr_japarov)

Буга чейин Садыр Жапаровдун Instagram баракчасында дарыгерлер коронавирустун башталгыч стадиясындагы бейтаптарды айыктыруунун ыкмасын тапканы боюнча билдирүү таратылган. Бүгүн саламаттык сактоо министри суюктук жөнүндө айтып, аны түз эфирден ичти.

"Ысык-Көл тамыры" уусу күчтүү чөптөрдүн катарына кирет. Тажрыйбалуу медиктер коронавирустан мурда бекитилген протоколдун негизинде дарыланууну сунушташууда.

Белгилер:
Ысык-Көл тамыры, уу коргошун, дары, коронавирус, чөп
Тема:
Уу коргошун чуусу
Тема боюнча
Уу коргошун коронавирусту сакайта алабы. Россиялык адистин пикири
Бишкекте киши уу коргошунга ууландыбы? Дарыгерлердин жообу
Барыктабасова: "Ысык-Көл тамыры" элдин саламаттыгын коркунучка кептейт