Көрүүчүлөрдүн алдында "мушташа кеткен" цирктеги пилдер. Видео

Жазылуу
Казанда циркте элге өнөрлөрүн тартуулап жаткан эки пил "мушташа" кетип, көрсөтмө үзгүлтүккө учураган. Кийин дрессировщик кырдаал боюнча үн каткан.
Жаныбарлар манеждин тосмосун талкалап өткөндө, көрүүчүлөр коркуп залдан чыгып кетишкен. Уюштуруучулардын айтымында, окуядан эч ким жабыркаган эмес. Москва циркинде пилдердин дрессировщиги Андрей Дементьев-Корнилов "Рен ТВ" телеканалына билдирүү жасап жатып, жаныбарлар ортосундагы конфликт пикир келишпестиктен улам жаралышы ыктымал экенин айткан.
"Буларда аял үстөмдүк кылат. Кээде алар кимиси үйдүн кожоюну экенин ушинтип далилдешет. Зоопарктарда мындай учурларды алдын ала билип, атаандашкан пилдерди эки жакка бөлүп коюшат", — деди үйрөтүүчү.
Анын айтымында, Россияда пилдердин ургаачылары гана бар. Дрессировщик циркте мындай учурду алдын ала билүү кыйын экенин кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0