Аскерийлер коопсуздук үчүн бомбалагыч Су-27ни эл жашаган калктардан обочо аймактар аркылуу алып өткөн.
Учакты ташыгандар аскердик транспортту жабык түрүнө караганда, илип алып ачык аба менен жеткирүү алда канча түйшүктүү жана өтө тактыкты талап кылган иш экендигин айтып беришкен.
"Ар бир жүктүн түрүнө, көлөмүнө карата ылдамдык аныкталат. Бул үчүн тажрыйба жана ийкемдүүлүк керек. Адистер адатта мындай ташуу иштерине көнүү үчүн жүктү бир тоннадан тарта ташып, улам көбөйтүп отуруп, тажрыйба топтошот", - деп айтылган маалыматта.
Су-27 абадагы башка техникаларга караганда алда канча артыкчылык кылган, ракеталык-бомбалагыч. Ал тактикалык өзөктүк куралдарды да ташууда колдонулат. Салмагы 17 000 тоннанын тегерегинде.
Уюштуруучулар Акматалиевдин эркин күрөш боюнча спортчулардын арасынан ыкмаларды эң мыкты аткарганын айтышты.
65 килограмм салмакта күч сынашкан Акматалиев жарым финалда өзбекстандык тажрыйбалуу спортчу Ильяс Бекбулатов менен кармашты. Кыргыз балбаны 8:0 эсебинде утулуп жатканына карабай аракетин улантып, адегенде эки, анан төрт упайлык ыкма жасап, анын артынан эле атаандашынын далысын жерге тийгизип, таза жеңишке жеткен.Ал эми чейрек финалда түркмөн атлети Керим Ходжаковду 5:1 эсебинде жеңип алган.
Пекин бул жалгыз эле Кытайдын эмес, жалпы дүйнө коомчулугунун пикири экенин билдирди. Ошону менен катар Россия менен Американы бири-бирин чектөөлөр менен кыйнай бербей, сөзгө келүүгө чакырды. Россия ТИМи Вашингтонго кандай жооп берерин да билдирди. АКШнын санкциялык тизмесине кирбеш үчүн "кимге иштеш" керек? Байден Путинге жайында жолугуп эмне тууралуу сүйлөшмөкчү?
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. 18-апрель күнү күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.Абанын температурасы Чүй менен Таласта +16...+21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17..+22, ал эми Ысык-Көл, Нарын жергесинде +11...+16 градус болору айтылды.
Бул күнү Бишкек, Ош шаарларында жамгыр жаашы мүмкүн. Күндүн табы Бишкекте +19...+21, Ошто +20...+22 градуска көтөрүлөт.