Россия коронавируска каршы "КовиВак" вакцинасын өндүрө баштады. Видео

Россияда коронавируска каршы "КовиВак" вакцинасы өндүрүлө баштады. Чумаков атындагы борбордо иштелип чыккан препарат 2021-жылдын 20-февралында каттоодон өткөн.

Ушуну менен "КовиВак" коронавируска каршы россиялык үчүнчү вакцина болуп калды. Россияда андан башка "Спутник V" менен "ЭпиВакКорона" жактырылган.

"КовиВактын" биринчи партиясын таңгактоого Россиянын илим жана жогорку билим министри Валерий Фальков катышты. Препарат жакынкы күндөрү аймактарга жеткирилет. Борбор жылына 10 миллион доза чыгарууну пландап жатат.

Белгилер:
КовиВак, коронавирус, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1377)
Тема боюнча
Россияда "КовиВак" вакцинасынын өндүрүшү башталды. Дары тууралуу маалымат
Кытай берген вакцина менен алгач кимдер эмделет. Акматованын билдирүүсү видеодо

УКМК синтетикалык дарыларды өндүргөн лабораторияны аныктап, шектүүнү кармады

(жаңыланган 15:15 20.04.2021)
Факты УКМК менен ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жүргүзгөн ыкчам иш-чарасынын алкагында аныкталган.

УКМК мефедрон деген синтетикалык дарыны чыгарып аны туруктуу саткан топту аныктап, жетекчисин колго түшүрдү. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Факт УКМК менен ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жүргүзгөн ыкчам иш-чарасынын алкагында аныкталган.

"Такталгандай, А.И. аттуу адамдын жетекчилиги менен дары-дармекти үзгүлтүксүз өндүрүү үчүн бардык талаптарга жооп берген лаборатория түзүлгөн. Алар жаштар арасында синтетикалык дары-дармектерди сатуу каналын да уюштурган. 2021-жылдын 16-апрелинде атайын операциянын жүрүшүндө синтетикалык баңгизаттарды өндүрүүчү ишкана аныкталып, товарды өзгөчө ири масштабда сатууга аракет жасаган А.И. кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Кылмышка шектүү 2021-жылдын 18-апрелинде Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды. Учурда тергөө уланып жатат.

Маалымат үчүн: 1 грамм мефедрон затынын баасы Бишкек жана Чүй облусунун аймагында болжол менен 5000-6000 сомду түзөт. Ал адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптуу.

Белгилер:
баңгизат, милиция, шектүү, кылмыш, сатуу, өндүрүүчү, УКМК
Тема боюнча
УКМК автоунаа катализаторлорун чет өлкөгө мыйзамсыз ташыган каналды аныктады

НАТО чалгынчылары РФ чек арасына тез-тезден каттап калышты. Максаты эмне

(жаңыланган 11:50 20.04.2021)
НАТОнун учактары акыркы аптада рекордун жаңылап, Россия чек арасына 58 жолу жакындап келди.

Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, чет элдик чалгынчылар чагымчылык жасоодо. Өтө эле жакын учуп келгендиктен Россиянын истребителдери асманга көтөрүлүп, "мейманды" узатып барууга аргасыз болгон.

НАТОнун учактары Камчатка менен Кара деңизден эмне "шимшилеп" жүрөт? Украина менен таанылбаган Донбасс Республикасынын чектешкен аймагына эмне максат менен байкоо салууда? Жоопту биздин видеодон алууга болот.

Белгилер:
Украина, Кара деңиз, учак, чек ара, Россия, НАТО
Тема боюнча
Украина НАТОго кирет деп ишенип... Россияга ким чагымчылык жасоодо