Арка-мойну астында калып... Катуу баратып трамплинден кулаган лыжачынын видеосу

(жаңыланган 11:47 26.03.2021)
Лыжа менен трамплинден секирүү боюнча олимпиада чемпиону Даниэль-Андре Танде катуу баратып секиргенден кийин кулап түштү.

Окуя Словениянын Планице районунда дүйнөлүк кубокко даярдануу этабында болгон. 27 жаштагы норвегиялык лыжачы трамплинден секирген учурда тең салмактуулукту жоготуп кулап түшүп, бир топ жерге чейин тоголонуп барды. Кырсык болгон учурда спортсмендин ылдамдыгы саатына 102 чакырым болгону маалымдалат.

Лыжачы ошол жерден эсин жоготкон. Медициналык топ Даниэль-Андреге кырсык болгон жерден биринчи жардам көрсөтүп, андан соң тик учак менен ооруканага жеткиришкен.

Лыжа спорту боюнча эл аралык федерация өзүнүн Twitter баракчасына билдирүү жазган.

"Даниэль-Андре Танденин абалы учурда туруктуу. Ал мындан ары текшерүүдөн өтүп, дарылануу үчүн Люблянадагы медициналык борборго жеткирилди. Маалымат дагы берилет," — деп айтылат федерациянын маалыматында.

Спортчунун кабырга жана акыреги сынышы мүмкүндүгү айтылган. Даниэль-Андре Танде — дүйнөнүн төрт жолку жана 2018-жылдын тайпалык мелдештеги олимпиада чемпиону.

Белгилер:
спорт, чемпион, видео, кырсык, лыжа
Тема боюнча
Тоодон зуулдап түшкөн Путин менен Лукашенко. Эки лидердин лыжа тепкен видеосу
Жети жашар сноубордчу кыз лыжа трассаларын багындырган видео
Күрткү алдында калган уулун жарым сааттан кийин тапкан ата. Видео

УКМК синтетикалык дарыларды өндүргөн лабораторияны аныктап, шектүүнү кармады

(жаңыланган 15:15 20.04.2021)
Факты УКМК менен ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жүргүзгөн ыкчам иш-чарасынын алкагында аныкталган.

УКМК мефедрон деген синтетикалык дарыны чыгарып аны туруктуу саткан топту аныктап, жетекчисин колго түшүрдү. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Факт УКМК менен ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жүргүзгөн ыкчам иш-чарасынын алкагында аныкталган.

"Такталгандай, А.И. аттуу адамдын жетекчилиги менен дары-дармекти үзгүлтүксүз өндүрүү үчүн бардык талаптарга жооп берген лаборатория түзүлгөн. Алар жаштар арасында синтетикалык дары-дармектерди сатуу каналын да уюштурган. 2021-жылдын 16-апрелинде атайын операциянын жүрүшүндө синтетикалык баңгизаттарды өндүрүүчү ишкана аныкталып, товарды өзгөчө ири масштабда сатууга аракет жасаган А.И. кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Кылмышка шектүү 2021-жылдын 18-апрелинде Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды. Учурда тергөө уланып жатат.

Маалымат үчүн: 1 грамм мефедрон затынын баасы Бишкек жана Чүй облусунун аймагында болжол менен 5000-6000 сомду түзөт. Ал адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптуу.

Белгилер:
баңгизат, милиция, шектүү, кылмыш, сатуу, өндүрүүчү, УКМК
Тема боюнча
УКМК автоунаа катализаторлорун чет өлкөгө мыйзамсыз ташыган каналды аныктады

НАТО чалгынчылары РФ чек арасына тез-тезден каттап калышты. Максаты эмне

(жаңыланган 11:50 20.04.2021)
НАТОнун учактары акыркы аптада рекордун жаңылап, Россия чек арасына 58 жолу жакындап келди.

Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, чет элдик чалгынчылар чагымчылык жасоодо. Өтө эле жакын учуп келгендиктен Россиянын истребителдери асманга көтөрүлүп, "мейманды" узатып барууга аргасыз болгон.

НАТОнун учактары Камчатка менен Кара деңизден эмне "шимшилеп" жүрөт? Украина менен таанылбаган Донбасс Республикасынын чектешкен аймагына эмне максат менен байкоо салууда? Жоопту биздин видеодон алууга болот.

Белгилер:
Украина, Кара деңиз, учак, чек ара, Россия, НАТО
Тема боюнча
Украина НАТОго кирет деп ишенип... Россияга ким чагымчылык жасоодо