Мында мүлкү бар жалданма кызматкер, иштебеген, бирок мүлкү бар адам жана патент төлөгөн жеке ишкер үчүн декларациянын үч формасын тапшыруу эрежеси көрсөтүлөт. Эске салсак, салык төлөөчүлөр декларацияны 1-апрелге чейин толтуруп, тапшырышы шарт. Элдин иш убактысын эске алып, аталган кызмат 1-апрелде түнгө чейин иштээрин кабарлады.
Декларацияны кантип туура толтурушту баары эле биле бербейт. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги атайын материал даярдады. Анда Мамлекеттик салык кызматынын адиси Асел Кубанычбекова эрежелерин баштан-аяк көрсөтүп, айтып берди.Белгилей кетсек, 2019-жылга карата бирдиктүү салык декларациясын 2020-жылдын 1-апрелине чейин тапшыра албай калган жөнөкөй жарандар менен жеке ишкерлер эки жылдын (2019-2020) декларациясын толтурушу шарт.
Видеодо адис Мамлекеттик салык кызматынын сайтына кирип, калькулятордун жардамы менен декларация толтурууну көрсөтүп берди. Бул — декларацияны электрондук толтуруу эмес. Видеодо көрсөтүлгөн нускаманы аткарган соң даяр болгон декларациядан эки даананы чыгарып, декларант колун коюп, каттоого турган Салык кызматына алып барып бериши шарт. Адис декларацияны электрондук түрдө толтуруу үчүн эмне кылуу керектигин да түшүндүрдү.
Эске салсак, 1-апрелге чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:
Эки мүнөттөн ашык тартылган роликте сүрөтчүнүн жаш кезин көрүүгө болот. Анда Чокморов жана башка студенттер талаада педагогдун жетекчилигинин алдында жылкыны сүрөткө тартып жатышат. Видеонун алдында окуя 1963-жылы Ленинград облусунда болгону жазылган. Чокморов эмгегинде бир гана жылкыны эмес, анын артына тоолорду да тартат. Окутуучу жок тоону эмнеге тартканын сураганда, ал мекенин сагынганын айткан. Бир маалда жылкы үркүп, баланын колунан жулунуп, секире баштайт. Аны көрүп Чокморовдон башкасынын баары чочулайт. Бирок Сүймөнкул Чокморов аттын жанына барып, жылкыны сылап аны чуркатыш керектигин айтат. Бала ага макул болбой койгондо Чокморов "кыргыздар ээр үстүндө чоңойгон калкпыз. Ал эми ат биздин канатыбыз" деп чапкан боюнча жөнөгөн.
Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат. Анда улуттук валютага сүрөтү түшүрүлгөн философ Жусуп Баласагын, манасчы Саякбай Каралаев, сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморов, акын Алыкул Осмонов тууралуу видеолор көрсөтүлмөкчү.
Роликтерди режиссёр Руслан Акун белгилүү кино ишмерлери Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу жана Баян Сарыгуловдун колдоосу менен тарткан.
Ага мушкер кыздын акыркы беттештери, шумдуктуудай нокауттары, жеңишин майрамдаганы жана октагондон тыш жашоосунун ирмемдери камтылган.
Ролик Шевченконун Жессика Андраде менен кездеше турчу UFC 261 турниринин алдында тартууланды. Спорттук иш-чара 24-апрель күнү Жексонвилл шаарында өтөт (АКШ, Флорида штаты).
Кыргызстандык мушкердин беттеши турнирдин башкы кармашы болмокчу.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Чүйдүн Пригородное айылында аялдардын тобу айыл өкмөтүн басып алып, талаптарын коюп жатышат. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Окуя болгон жерге Чүй облусунун жана Аламүдүн милициясынын жетекчилиги менен кызматкерлери жөнөп кетти.
"Учурда милиционерлер жергиликтүү бийлик менен аялдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Мындан тышкары, кызматкерлер коомдук тартипти сактоо боюнча бардык чараларды көрүүдө. Акциянын катышуучулары эмне талаптарды коюп жатканы азырынча белгисиз", — деп билдирди Чүй ОИИБ.
Анткен менен социалдык тармактарга тараган кадрлардан айыл өкмөтүн басып алган аялдардын колунда бензин куюлган бөтөлкө жана газ баллону бар экенин көрүүгө болот. Алар насыясын төлөй албаганы үчүн үйлөрүн алдырып жиберебиз деп нааразы болушууда. Жерине Чүй облусунун башчысы да барганы айтылды.