Ташиевдин кыргыз-өзбек чек арасындагы жерлердин өтүшү тууралуу айткан видеосу

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйын өткөрдү.

УКМКнын төрагасы кыргыз-өзбек чек ара маселеси 100 пайызга чечилгенин айтып, талаштуу жерлер калбаганын билдирди. Анын айтымында, эки күндүк сүйлөшүүдөн кийин Кыргызстанга сегиз миң гектар жер жазылган.

Эске салсак, жакында эле Камчыбек Ташиев баштаган өкмөттүн делегациясы Өзбекстанга барып, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тараптар протоколго кол коюшкан.

Белгилер:
Камчыбек Ташиев, чек ара, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Ташиев: Кыргызстан менен Өзбекстан мындан ары бири-бирине жер бербейт
КР жарандарынын мүлкү зыянга учураган жок. Ташиев жерлердин такталышы тууралуу
Өзбекстанга суу берип, жер алдык. Ташиев Кыргызстанга өткөн жерлерди санап берди
Ташиев: Баткендеги газ сактоо жайын иштетүү үчүн кыргыз-өзбек ишканасы түзүлөт

Кыргызстандык Эрназар Алматыдагы мелдеште мыкты ыкма жасаган спортчу болду. Видео

(жаңыланган 17:13 17.04.2021)
Бириккен күрөш дүйнөсү Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбаны Эрназар Акматалиевдин Алматыда өткөн лицензиялык турдагы таймаштарынын (чейрек финал, жарым финал жана финал) видеосун жарыялады.

Уюштуруучулар Акматалиевдин эркин күрөш боюнча спортчулардын арасынан ыкмаларды эң мыкты аткарганын айтышты.

65 килограмм салмакта күч сынашкан Акматалиев жарым финалда өзбекстандык тажрыйбалуу спортчу Ильяс Бекбулатов менен кармашты. Кыргыз балбаны 8:0 эсебинде утулуп жатканына карабай аракетин улантып, адегенде эки, анан төрт упайлык ыкма жасап, анын артынан эле атаандашынын далысын жерге тийгизип, таза жеңишке жеткен

Ал эми чейрек финалда түркмөн атлети Керим Ходжаковду 5:1 эсебинде жеңип алган.

Белгилер:
эркин күрөш, видео, мелдеш, Алматы, Эрназар Акматалиев
Тема боюнча
Аягына чейин кармашып. Эрназар Акматалиев Алматы мелдешинен алтын байге утту
Ири эсеп менен утулуп жатып жеңишке жеткен Акматалиевдин кубанган видеосу

АКШнын Россияга каршы санкциялык тизмесинде жоктор "кимге иштейт"?

(жаңыланган 16:28 17.04.2021)
АКШнын антироссиялык санкциялары "гегемон чаралары" деп аталды. Мындай аныктаманы Кытай жаңы чектөөлөргө комментарий берип жатып айткан.

Пекин бул жалгыз эле Кытайдын эмес, жалпы дүйнө коомчулугунун пикири экенин билдирди. Ошону менен катар Россия менен Американы бири-бирин чектөөлөр менен кыйнай бербей, сөзгө келүүгө чакырды. Россия ТИМи Вашингтонго кандай жооп берерин да билдирди. АКШнын санкциялык тизмесине кирбеш үчүн "кимге иштеш" керек? Байден Путинге жайында жолугуп эмне тууралуу сүйлөшмөкчү?

Белгилер:
аракет, жооп, санкциялар, Кытай, Россия, АКШ, Владимир Путин, Жо Байден
Тема боюнча
АКШ санкциялары менен дүйнөгө болгон үстөмдүгүн кыйратууда
Бизнесмендерге чыккан туумдар, салык санкциялары жоюла турган болду. Шарттары
Жамгырдуу аба ырайы. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

Жекшембиге караган түнү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаайт.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. 18-апрель күнү күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта +16...+21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17..+22, ал эми Ысык-Көл, Нарын жергесинде +11...+16 градус болору айтылды.

Бул күнү Бишкек, Ош шаарларында жамгыр жаашы мүмкүн. Күндүн табы Бишкекте +19...+21, Ошто +20...+22 градуска көтөрүлөт.

Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы
Тема боюнча
Жайдагыдай ысыйт! Май айына карата аба ырайы