Нганну ай-буйга келтирбей Миочичти утуп, оор салмактын "падышасы" болду. Видео

(жаңыланган 13:02 28.03.2021)
Жекшембиге караган түнү Лас-Вегаста UFC 260 турнири болуп өттү. Кеченин башкы беттешинде хорватиялык Стипе Миочич чемпиондук наамынан ажырады.

Турнирдеги беттештердин эсте калган учурларын UFC Russia YouTube каналы бир видеого топтоду.

Миочич "Жырткыч" каймана аты менен таанымал Фрэнсис Нганну менен кез келген. Беттештин жүрүшүндө эле ал атаандашынын соккуларын көтөрө албай калган. Экинчи раундда нокауттан улам беттеш токтотулган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Мындан тышкары, кеченин мыкты кармашы деп Висенте Луке менен Тайрон Вудлинин кармашы табылган. Анда Луке каршылашына муунтуу ыкмасын колдонгон. Ал эми Шон О"Мэлли аттуу мушкер Томас Алмейдди нокаутка кетирген.

Промоутерлик компания Нганну, Вудли жана О"Мэллиге гонорардан тышкары бонус берүүнү убадалаган.

Белгилер:
Стипе Миочич, Фрэнсис Нгану, видео, турнир, нокаут, Лас-Вегас, UFC
Тема боюнча
Валентина Шевченко катыша турчу UFC турниринин билеттерин эл талап кетти
Кайталангыс ирмемдер. Хабибдин UFC уюмундагы кармаштары бир видеого топтолду
Японияда атаандашын 6 секундада сулата чапкан нокаут катталды. Видео

УКМК синтетикалык дарыларды өндүргөн лабораторияны аныктап, шектүүнү кармады

(жаңыланган 15:15 20.04.2021)
Факты УКМК менен ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жүргүзгөн ыкчам иш-чарасынын алкагында аныкталган.

УКМК мефедрон деген синтетикалык дарыны чыгарып аны туруктуу саткан топту аныктап, жетекчисин колго түшүрдү. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Факт УКМК менен ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жүргүзгөн ыкчам иш-чарасынын алкагында аныкталган.

"Такталгандай, А.И. аттуу адамдын жетекчилиги менен дары-дармекти үзгүлтүксүз өндүрүү үчүн бардык талаптарга жооп берген лаборатория түзүлгөн. Алар жаштар арасында синтетикалык дары-дармектерди сатуу каналын да уюштурган. 2021-жылдын 16-апрелинде атайын операциянын жүрүшүндө синтетикалык баңгизаттарды өндүрүүчү ишкана аныкталып, товарды өзгөчө ири масштабда сатууга аракет жасаган А.И. кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Кылмышка шектүү 2021-жылдын 18-апрелинде Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды. Учурда тергөө уланып жатат.

Маалымат үчүн: 1 грамм мефедрон затынын баасы Бишкек жана Чүй облусунун аймагында болжол менен 5000-6000 сомду түзөт. Ал адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптуу.

Белгилер:
баңгизат, милиция, шектүү, кылмыш, сатуу, өндүрүүчү, УКМК
Тема боюнча
УКМК автоунаа катализаторлорун чет өлкөгө мыйзамсыз ташыган каналды аныктады

НАТО чалгынчылары РФ чек арасына тез-тезден каттап калышты. Максаты эмне

(жаңыланган 11:50 20.04.2021)
НАТОнун учактары акыркы аптада рекордун жаңылап, Россия чек арасына 58 жолу жакындап келди.

Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, чет элдик чалгынчылар чагымчылык жасоодо. Өтө эле жакын учуп келгендиктен Россиянын истребителдери асманга көтөрүлүп, "мейманды" узатып барууга аргасыз болгон.

НАТОнун учактары Камчатка менен Кара деңизден эмне "шимшилеп" жүрөт? Украина менен таанылбаган Донбасс Республикасынын чектешкен аймагына эмне максат менен байкоо салууда? Жоопту биздин видеодон алууга болот.

Белгилер:
Украина, Кара деңиз, учак, чек ара, Россия, НАТО
Тема боюнча
Украина НАТОго кирет деп ишенип... Россияга ким чагымчылык жасоодо
Аялдар кол чатыр менен жаан учурунда. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

21-апрелге караган түнү аба ырайы кескин өзгөрөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланары болжолдонду.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Шаршембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +4…+9, Талас өрөөнүндө +3…+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +9…+14 градусту көрсөтөт.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Күндүн табы борбордо +7…+9, Ош шаарында +9…+14 градус болот.

Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы
Тема боюнча
Түштүк аймакта сел жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты